"Бийле, Бишкек". Кыймылда катылган жаштар үнү
![](https://gdb.rferl.org/01000000-0a00-0242-4f98-08dc9413ae3e_w800_h450.jpg)
Бишкекте заманбап бий боюнча Дүйнө чемпионатына тандоо мелдеши өттү. Fusion Concept Festival деп аталган мелдешке Орусиядан, Казакстандан, Өзбекстандан, Тажикстандан жана Кыргызстандан 100дөн ашык бийчилер катышты. Катышуучулар бийдин Hip-hop, Popping түрүнөн жалгыздан, Freestyle түрүнөн жуп-жуптан бийлешти. Жыйынтыгында кыргызстандык бийчилер, эгиз бир туугандар Ома жана Ема жубу бийдин Freestyle түрүнөн Парижде өтө турган дүйнө чемпионатына жолдомо алышты.