Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

УКМК айыл чарба министринин орун басары баш болгон бир нече адамды кармады

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Самат Насирдинов баш болгон төрт адам мал-жандыкты экспортко чыгаруудагы коррупциялык схемага шек саналып кармалганын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, июль айында азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана өлкө ичинде эттин баасын турукташтыруу максатында малды экспорттоого квота киргизилген.

УКМК суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Самат Насирдинов, Ветеринардык кызматтын директору (К.У.С.), министирликтин бөлүм башчысы (М.Э.У.) жана Ветеринардык кызматтын бөлүм башчысы (Н.у.Б.) кызматтык ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдаланып, мал чарбачылыгы менен алектенбеген өздөрүнө тиешелүү адамдарга мыйзамсыз квота берүү боюнча коррупциялык схеманы уюштурушканын кабарлады.

“Ал адамдардын малы бар экендиги жөнүндө актылар Айыл чарба министрлигинин кызмат адамдарынын көрсөтмөсү боюнча райондук ветеринардык башкармалыктардын кызматкерлери тарабынан бурмаланган”, - деп айтылат маалыматта.

Ортомчу болгон ишкерлер мыйзамсыз алынган квоталарды дыйкандарга жана малды экспорттоо менен алектенгендерге бир бодо малга 300 доллардан, майда жандыкка 5 миң сомдон сатышканы аныкталган. Атайын кызмат бул коррупциялык схемадан 40 миңден ашык бодо мал Жалал-Абад облусу аркылуу Өзбекстанга мыйзамсыз чыгарылып, эттин кымбатташына себеп болгонун кошумчалады.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин кызматкерлери, ортомчулар кармалып, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө абагына киргизилди. Тергөө уланууда.

Шектүүлөрдүн жакындары менен адвокаттары комментарий бере элек.

Өлкөдө эттин баасы кымбаттап кеткендиктен 11-августтан тарта анын баасына 90 күнгө мамлекеттик көзөмөл киргизилген. Мындай чечим баанын негизсиз кымбатташына жол бербөө жана калк үчүн продукциянын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында кабыл алынган. Ошондой эле мал-жандыкты сыртка ташуу убактылуу токтотулган. (BTo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *