Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Токаев казак-кыргыз соодасынын көлөмү 2 млрд долларга жеткенин айтты

Мамлекеттер аралык жогорку жыйындын ачылышында Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев эки тараптуу соода-сатыктын көлөмү 2 млрд АКШ долларына жеткенин айтты.

"Кыргызстан Казакстандын аймактагы башкы стратегиялык өнөктөштөрүнүн бири. Бул көрсөткүчтү эселеп көбөйтүүгө бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Инвестициялык ынтымакташтык жылдан жылга жакшырып барат. Анын аркасында түрдүү биргелешкен келишимдер ишке ашты. Маданий-гуманитардык байланыштарыбыз да күчөп келатат”, - деди Токаев.

Казакстандын лидери кыргыз-казак эли кыйын кырдаалда бири-бирине көмөкчү болгонун белгилеп, жогорку саясий диалогдун аркасында эки элдин жаңы деңгээлге көтөрүү ниетин билдирди.

Касым-Жомарт Токаев Бишкекке расмий сапар менен 21-августта келди. Эки күнгө созулган сапар учурунда кыргыз-казак алакасын өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөр өтөт. Ош шаарында Казакстандын Башкы консулдугу, Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин филиалы ачылары кабарланган.

Казакстан Бишкектин соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн арасында Кытай менен Орусиядан кийинки үчүнчү орунда турат. 2023-жылы эки өлкөнүн соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 1 млрд 318 млн долларга жеткен. Анын 35% экспорт жана 65% импорт.

Эки өлкө ортосундагы соода алаканын негизин азык-түлүк өнүмдөрү, курулуш материалдары, отун жана мунай, жер семирткичтер, металл буюмдар жана баалуу рудалар түзөт. (KS)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *