Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Президент мектеп маселеси, 12 жылдык окутуу тууралуу пикирин айтты

IV Элдик курултайдын жүрүшүндө Кара-Суу районунан келген делегат Эстебес Маматов өлкө 12 жылдык билим берүү программасына өткөнү менен окуучуларда кызыгуу жок экенин, бир класста 50дөн бала отурган мектептер бар экенин айтты.

Президент Садыр Жапаров класстар толуп калган деген маселе 12 жылдык окутууга тиешеси жоктугун, бул ички жана сырткы миграциянын көйгөйү экенин, өзгөчө Бишкек, Ош жана Манас шаарларында билинип жатканын айтты.

Окуучу батпай жатышынын экинчи себеби деп ата-энелер балдарын орус мектепте окутууга көбүрөөк ыктап жатканын, мындан улам бир класста 15-20дан гана бала окуган мектептер да бар экенин атады.

"Мугалимдердин билим деңгээли төмөн деген шылтоо менен балдарын бир эле мектепке бере беришет. Бирок мен тапшырма бергем, бардык мектептерде мугалимдер үчүн бирдей шарттар түзүлсүн деп. Мына, азыр эмгек акысын көтөрүп бердик, эми бош турган орундарга агай-эжейлер келе баштайт болуш керек деп атабыз. Эмгек акынын аздыгынан медицинада да ушундай көйгөй бар, бош орундар көп. Ал эми 12 жылдык окутууга өткөнүбүз бул дүйнөлүк стандарт. Кыйынчылыктар болбой койбойт, андан коркуп отура берсек ого бетер артка кетебиз. 2-3 жыл дагы кыйналабыз, бирок дүйнөлүк стандарттарга шайкеш келебиз да 12 классты бүткөн балдар чет өлкөгө окууга барганда дароо 1-курска отурат",-деди Жапаров.

Өзгөчө Бишкек шаарындагы мамлекеттик мектептерде орундун жетишсиздиги тууралуу ата-энелер жана мектеп жетекчилери байма-бай айтып келет. Айрым класстарда бир партада балдар үч же төрттөн отурууга аргасыз.

Соңку расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 2 миң 394 мектеп бар, анын 2 миң 170и мамлекеттик, калган 224ү менчик. Аларда 1,5 миллиондон ашуун окуучу билим алат.

2025-2026-окуу жылында “Алтын казык” мамлекеттик программасынын алкагында 12 жылдык билим берүү системасы ишке кирди. Реформага ылайык, алты жаштагы балдар 100% милдеттүү түрдө мектепте билим алат. 10-11-12-класстарда кесипке багыт бериле баштайт. Түзүлгөн окуу пландарында 11 кесипке үйрөтүү каралган. (KS)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *