КазТаг маалымат агенттигинин башкы редактору Амир Касенов үй камагына чыгарылды
Казакстандын КазТаг маалымат агенттигинин башкы редактору Амир Касенов үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу аталган агенттик 25-декабрда кабарлады жана Касенов тергөө жүрүп жаткан маалда үй камагында болорун билдирди.
Касеновдун бөгөт чарасы каралган сот жараянына өз эрки менен беш адвокат катышкан.
Ал 23-декабрда кечинде Астана шаарында полицияга чакырылгандан кийин камалган. Маалымат агенттигинин башчысы Асет Матаев муну "укуктук чектен чыккандык" деп атаган жана буга байланыштуу Freedom finance компаниясын, анын жетекчиси Тимур Турловду айыптаган.
Мунун алдында Freedom finance компаниясынын арызынын негизинде Касенов менен Матаевге "жалган маалымат таратуу" беренеси менен кылмыш иши козголгону белгилүү болгон. Ага чейин сайтка аталган компаниядагы көз боемочулук схемалар тууралуу материал жарыяланган жана анда жетекчилеринин аты аталган.
Тимур Турлов Орусияда туулган, кийин казак жарандыгын алган ишкер.
Жазында бир катар казакстандык жарандар Freedom finance компаниясынын кызматкерлеринин айынан жабыркап, чыгымга учурашканын айтып чыгышкан. КазТаг буга байланыштуу материал даярдаган жана бир катар кайрылууларга карабай бул компания жооп бербегенин билдирген.