Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Эл артисти Догдурбек Кыдыралиев тууралуу даректүү тасма тартылды

26-декабрда Бишкекте «Тоолор мени кучактагыла» аттуу даректүү тасманын көрсөтүүсү өттү. Иш-чара чакан чыгармачыл жолугушуу форматында уюштурулуп, ага кинорежиссёрлор, сүрөтчүлөр жана чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү катышты.

Тасма Төлөмүш Океевдин «Ак илбирстин тукуму» көркөм тасмасында Кожожаштын образын жараткан, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Догдурбек Кыдыралиевдин чыгармачылык жана өмүр жолуна арналган. Автору жана продюсери — сүрөтчү жана документалист Гүлжан Иреш, оператору жана монтаждоочусу Дани Абиров.

Уюштуруучулар билдиргендей, фильмде легендарлуу «Ак илбирстин тукуму» тасмасынын тартылыш тарыхы, ошондой эле актердун кыскача өнөр жолу, инсандык дүйнөсү жана чыгармачылык тагдыры кеңири чагылдырылган. Догдурбек Кыдыралиев мыкты актер гана эмес, өнөрлүү сүрөтчү экени да тасмада айкын көрсөтүлгөн.

Фильмдин негизги өзгөчөлүгү каармандын кыйынчылыгын же сырттагы баатырлыгын даңазалоодо эмес, тескерисинче, анын ички жумшак күчүн, адамдык терең дүйнөсүн, руханий абалын ачып берүүдө болгону белгиленди.

Фильмде каармандын атасына болгон сагынычы, балалык кезге кайрылуусу, ыраазычылык сезими өзгөчө таасирдүү берилген. Өзү ата, небере сүйгөн чоң ата болгон чагында да атасына болгон балалык сүйүүнүн жүрөгүндө сакталып келатканы көрөрмандын жүрөгүнө жетет.

Таланты «Ак илбирстин тукуму» аркылуу ачылып, даңазалуу актерго айланган Догдурбек Кыдыралиев 2021-жылы “Азаттыкка” сыябан маек куруп, 40 жыл мурда тартылган фильмдин машакаты менен ырахатын, кинорежиссер Төлөмүш Океевдин табылгаларын эскерген.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *