Жибектин өлүмү: Ташиев укук коргоо органдарынын ишин сынга алып, жоопкерчилик тууралуу эскертти
27-декабрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын Ак-Суу райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышында сөз сүйлөп жатып, укук коргоо жана күч органдарынын ишин сынга алды.
Ал өлкөнүн укук коргоо жана күч органдары өз милдеттерин так аткарбай жаткандыктан аялдардын, балдардын укуктары корголбой, зомбулук көрсөткөндөрдүн айынан ушундай абал жаралып жатканын айтты.
Ошондой эле Ташиев жакында күйөөсүнүн колунан каза тапкан Жибек Урустемованын өлүмүнө ар бир кызматкер жоопкер экенин белгиледи.
"Жибектин колунда коргоо ордери болгон. Демек, биз аны коргоп, зөөкүр күйөөсүнүн алдында чара көрүп, коргоп аларыбызды ал билиши керек эле. Биз аны кылбай, кагазды колуна карматкан бойдон тим болдук. Биздин аны коргоп, сактап калганга мүмкүнчүлүгүбүз болгон жок. Мындай нерсе кайталанбаш керек. Тилекке каршы, бул бизге чоң сабак болуп калды. Мындан ары жергиликтүү бийликтин, укук коргоо органдарынын башчылары, коопсуздук органдары биргеликте ушул маселени талдап чыгышыңар керек. Айрыкча айыл жеринде, райондордо зордукчул адамдарды, ошого ыктагандарды алдын ала аныктап, алар менен профилактикалык иштерди жүргүзүшүңөр керек. Бирөөнү атып өлтүрүп, бирөөнү зордоп койгондон кийин барбай, алдын алышыбыз керек. Ким аракеч, ким туура эмес жашоо образын жүргүзүп аткандардын ар бирин билишибиз керек. Аларга карата чара колдонушубуз керек. Мына ошондо элибиз тынч жашап, жөнөкөй жарандарыбыздын укуктары корголот", -деди Ташиев.
Атайын кызматтын төрагасы бул маселеге байланыштуу президент Садыр Жапаров атайын тапшырмаларды бергенин, мындан кийин ушул өңдүү окуялар катталса, шалаакылык болсо, ал аймактын айыл өкмөт башчысынан тарта милиция, укук коргоо кызматкерлери жана прокуратура органдарына чейин жоопко тартылып, чара көрүлөрүн эскертти.
Ал укук коргоо органдарынын кызматкерлерин кабинетте отура бербей айыл аралап, зомбулук көрсөткөн адамдарды аныктап, аларды каттоого алууну талап кылды.
23-декабрдын кечинде Бишкекте 47 жаштагы Жибек Урустемованы күйөөсү тапанча менен атып өлтүргөн. Көпчүлүк милициянын ишин сындап, аял буга чейин коргоо ордерин алганын, бирок ал корголбой калганын айтышкан.
Бишкек милициясы Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен кылмыш ишин козгогон.
26-декабрда ишти милиция эмес, УКМК тергей турганы маалым болгон. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасы менен борбордук аппаратта тергөө тобу түзүлгөнү, кылмышка шектүү, мурдагы милиция кызматкери ушул мекеменин тергөө абагына которулганы, анын тапанчасы мыйзамсыз экени, Жибек Урустемова милициянын коргоо ордери менен жүргөнү, бирок, ошого карабастан өз күйөөсүнүн колунан ажал тапканы айтылган.
Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Кыргызстанда жыл башынан бери 8 ай аралыгында 21 аял зомбулуктун курмандыгы болду.(KS)