Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Бишкекте таштандыдан электр энергиясын өндүрүүчү завод иштей баштады

Бишкекте таштандыны кайра иштетүү жолу менен электр кубатын өндүргөн эко-технологиялык заводдун ачылышы болду. 27-декабрда өткөн иш-чарага президент Садыр Жапаров катышып, завод борбор калаанын таштанды полигону боюнча көйгөйдү чечип, экологияны жакшыртууга салым кошорун, жергиликтүү калкты электр кубаты менен камсыздай турганын белгиледи.

Завод жылына 365 миң тонна таштанды иштетип, саатына 30 МВт кубаттуулуктагы электр энергиясын өндүрө алат. Адистердин айтымында, бул 80 миң тонна көмүрдү үнөмдөө жана көмүр кычкыл газын 100 миң тоннага азайтуу менен барабар.

Долбоорду Кытайдын "Цзюнсин Хуанбао Кей Жи Инвест" компаниясы ишке ашырып, бул үчүн 95 млн доллар инвестиция салган. Завод 12 гектар жерге курулду. 35 жылдан кийин аны кыргыз өмөтү өз карамагына алат. Бул ишкана Борбор Азияда таштандыны электр энергиясына айландыруучу алгачкы завод болуп эсептелет.

Садыр Жапаров ушундай эле долбоорду Ош, Балыкчы жана Каракол шаарларында да ишке ашыруу пландалып жатканын кошумчалады.

Бишкектеги таштанды жайы 1978-жылдан бери колдонулуп жатат жана убагында ал 400 миң кишилик шаарга эсептелген. Азыр борбордо миллиондон ашык киши жашайт.

Кыргызстанда, айрыкча борбор калаада таштандыны чогултуу жана кайра иштетүү маселеси орчундуу көйгөйлөрдүн бири. Буга чейин проблеманы чечүү үчүн эл аралык донорлор берген миллиондогон долларлык каражаттын кайсы бир бөлүгү уурдалганы, жемкорлукка айыпталган жетекчилерге жана жооптуу кызматкерлерге кылмыш иши козголгону, алардын айрымдарына издөө жарыяланганы маалымдалган. (KS)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *