Орусия "Медузанын" негиздөөчүсү Галина Тимченкону сыртынан беш жылга соттоду
Москвада сот "Медуза" басылмасынын негиздөөчүсү Галина Тимченкону "жагымсыз уюмду жетектеген" деген негизде сыртынан беш жылга соттоду. Сот ошондой эле Тимченко алдыңкы беш жылда бир дагы жетектөөсү кызматты аркалай албайт деген чечим чыгарды. Бул тууралуу "Медиазона" медиасы кабарлады.
Тимченкого каршы кылмыш иши козголгону ушул жылдын май айында белгилүү болгон. Буга анын 2024-жылдын 18-сентябрында DW эл аралык басылмасына "Невзлингейт кесепеттери" жөнүндө жана ушул жылдын 17-мартында ТВ2 аймактык басылмасына берген интервьюсу, ошондой эле "Медузанын" окурмандарына кайрылуусу негиз болгону айтылды.
Тергөө Тимченко "Медуза" басылмасын "азыркы бийликтин ички жана сырткы саясатын, мамлекеттик түзүлүштү жек көрүү" менен негиздеген, 2023-жылдын январында басылма "жагымсыз уюм" деп табылганына карабай анын ишин уланта берүүнү чечкен деп эсептейт.
Галина Тимченко цензурадан улам Lenta.ru басылмасындагы башкы редакторлук кызматтан кеткенден кийин 2014-жылы "Медузаны" негиздеп, көп журналисттерди өз командасына алып кеткен.
Орус бийлиги 2021-жылы "Медузаны" чет элдик агент деп тааныса, 2023-жылы "жагымсыз уюм" деп атаган. Мындан улам басылманын бир нече кызматкери "жагымсыз уюм" менен кызматташууга айыпталган.(KS)