Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Тайланд жана Камбоджа ок атышууну токтотууну макулдашты

Тайланддын жана Камбоджанын коргоо министрлери ок атышууну токтотуу макулдашуусуна кол коюшту.

Ок атышууну токтотуу жергиликтүү убакыт боюнча түштө күчүнө кирди. Макулдашууга ылайык эки тарапка тең "куралдын бардык түрүн" колдонууга болбойт жана "жарандык объектилер менен инфраструктураны, эки тараптагы аскердик объектилердин бардык түрүн жана райондорду" аткылоого тыюу салынат.

"Эки тарап тең аскерлерди мындан ары жылдырбай, турган жеринде кармап калууну макулдашты", - деп айтылат документте.

Тайланд 72 саат ичинде ок атууну токтотуу келишими бузулбаса, комбоджалык 18 аскер туткунун бошотууга тийиш. Тараптар мындан тышкары "эскалацияны чыңалта турган чагымчыл аракеттерден" карманууну сүйлөштү.

Бул ок атышууну токтотуу боюнча акыркы айда жетишилген экинчи макулдашуу.

Октябрда АКШ президенти Дональд Трамптын ортомчулугу менен тараптар бардык аскердик аракеттерди токтотууга жана коңшулук мамилелерди орнотууга милдеттенген декларацияга кол коюшкан. Бирок декабрдын башында эки өлкөнүн ортосундагы тиреш кайрадан курчуп кеткен.

Al Jazeera'нын маалыматында, 20 күнгө созулган кагылышууда эки тараптан тең жүздөн ашуун адам өлүп, жарым миллиондон ашуун жай тургундар турагын таштап кетүүгө аргасыз болгон.

Камбоджа менен Тайланддын ортосундагы чек ара жаңжалы июль айында катталган. Анда эки тай аскери минага жарылып, өлгөндөн кийин кырдаал курчуп, Тайланддын аба күчтөрүнө таандык F-16 кыргын салуучу учагы Камбоджанын аймагына абадан сокку урган.

Заманбап Тайланд менен Камбоджа ортосунда чек ара аймактары жана ал жерлерде жайгашкан, буддисттер үчүн ыйык саналган храмдарга байланыштуу талаш-тартыштар жүз жылдан ашуун убакыттан бери уланып келет. Аларды талашуунун айынан XX–XXI кылымда ондон ашуун согуш болгон.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *