Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Машиев өкмөт быйыл 26 тонна алтын өндүрүүнү пландап жатканын айтты

Кыргызстанда быйыл 26 тонна алтын өндүрүү пландалууда. Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев "Акипресс" агенттигине курган маегинде айткан.

Министрдин маалыматында, өлкөдө 2023-жылы 32 тонна, 2024-жылы 24 тонна алтын казылган.

"Алтын өндүрүүнүн төмөндөшү өлкөнүн экономикасынын кайсы бир бөлүгүнө таасир этет. Биз мунун үстүндө иштеп жатабыз. Бир канча компаниялар, тагыраагы алтын казган фабрикалар ишин токтотту. Кийинки жылдан тарта алтын өндүрүүнү көбөйтөбүз. 2030-жылы кубаттуулукту калыбына келтирип эле тим болбой, аны көбөйтөбүз дагы. Мен көлөм 35 тонна же андан да жогору болот деп ойлойм. Быйыл Солтон-Сары кенинде "Джионг-Джи Майнинг" кытай компаниясы жана "Кыргызалтын" иштеп жатат. Өндүрүш ишке кирди, кийинки жылы алтын өндүрүлө баштайт", - деген Машиев.

Министр Терексай компаниясы кубаттуулугун жогорулатып, 1 тоннадан жогору алтын өндүрө баштаганын билдирген. Чаарат жана Үңкүрташ кендеринде 100 тоннадай алтын барын, экөөндө тең фабрика куруу пландалып жатканын айткан.

Машиевдин белгилешинче, өлкөдө жалпы эсептөөлөр боюнча алтындын кору болжол менен 1 000 тоннага жакын. Анын басымдуусу Кумтөрдө. 2024-жылы геологиялык чалгындоо ишинин натыйжасында кендеги алтындын кору 147 тоннага көбөйгөн. Кумтөргө жакын Тоголок кенинин эсебинен алтын кору дагы 180–200 тоннага көбөйүшү мүмкүн.

Кумтөргө берилген бул кенде учурда чалгындоо иштери аяктап калганы маалым болду. Анын жыйынтыгы менен Тоголоктогу алтын кору дагы 2 тоннага көбөйгөн. Министр учурда бул кенде экологиялык экспертиза иштери жүрүп жатканын, келерки жылы фабрика куруу иштери башталарын кошумчалаган.

Машиевдин маалыматында, мамлекеттик комиссия өлкөдөгү күмүштүн корун 1200 тонна, жездикин 12 000 тонна, көмүрдүкүн 1,8 миллиард тонна деп аныктаган. Жыл сайын жүргөн жаңы эсептөөлөргө ылайык, бул көрсөткүчтөр өзгөрүшү мүмкүн. (ST)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *