Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Непалда "Z муундун акциясынан" соң рэп ырчынын талапкерлиги премьерликке көрсөтүлдү

Непалда март айында өтө турган парламенттик шайлоонун алдында эки таасирдүү саясатчы альянс түзүштү. Бул тууралуу 29-декабрда партия өкүлдөрү жана талдоочулар билдиришти.

Мурдагы рэп ырчысы, кийин Катманду шаарынын мэри болуп шайланган Балендра Шах(эл арасында Бален деген ат менен белгилүү) жекшемби күнү Rastriya Swatantra Party (Улуттук көз карандысыз партиясы, RSP) менен бирикти. Бул партияны мурдагы тележурналисттен саясатчыга айланган Раби Ламичхане жетектейт.

Партия өкүлдөрүнүн айтымында, келишимге ылайык, эгер RSP 5-марттагы шайлоодо жеңишке жетсе, 35 жаштагы Балендра Шах премьер-министр болот, ал эми 48 жаштагы Ламичхане партия лидери бойдон калат.

Экөө тең сентябрь айында болгон, жаштар баштаган "Gen Z" деп аталган жапырт нааразылык акцияларында көтөрүлгөн талаптарды аткарууга убада беришти.

Ал акциялар кеңири жайылган коррупцияга каршы багытталган жана анын жүрүшүндө 77 адам каза болуп, жыйынтыгында ошол кездеги премьер-министр К.П. Шарма Оли кызматтан кеткен.

Непалдын шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, 30 миллион калкы бар өлкөдө 19 миллионго жакын жаран добуш берүүгө укуктуу. Нааразылык акцияларынан кийин шайлоочулардын тизмесине дагы бир миллионго жакын адам кошулган. Алардын көбү жаштар.

Бален сентябрь айындагы нааразылыктардан кийин коомчулуктун көңүл борборуна чыгып, жаштар кыймылынын расмий эмес лидери катары кабыл алынган. Ал ошондой эле шайлоону өткөрүүгө жооптуу болгон убактылуу өкмөттү түзүүгө көмөктөшкөн. Бул өкмөттү мурдагы Жогорку соттун төрайымы Сушила Карки жетектейт.

Акыркы отуз жыл ичинде бийликти негизинен Коммунистер партиясы жана борборчул Nepali Congress партиясы бөлүшүп келген. Талдоочулардын пикиринде, жаңы альянс дал ушул партиялар үчүн негизги коркунуч болгону турат.

Раби Ламичхане RSP партиясын 2022-жылдагы шайлоонун алдында түзгөн. Ал коррупцияга каршы курч билдирүүлөрү менен белгилүү тележурналист катары популярдуулукка жеткен.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *