2025-жылда Жогорку Кеңештин депутаттары тарыхта биринчи ирет өзүн-өзү таратып, жаңы мыйзам менен кайра шайланып келишти. Саясат талдоочулар парламенттин саясий таасири азайып, көз карандылыгы күчөгөнүн белгилеп жатышат. Бийликтин дарегине сын айткандарга кылмыш иши козголуп, камакка алуулар катталды. Ушуну менен бийлик саясий талааны тазаладыбы? Келерки жылы президенттик шайлоого даярдык башталат, бул жарышта альтернативдүү талапкерлер чыгабы? Узап бараткан жылдагы саясий тенденцияга сереп салабыз.