Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

АКШнын башкы прокурору Николас Мадурого коюлган айыптарды атады

АКШ бийлиги Венесуэланын авторитардык башчысын кармап кетип, наркотерроризм, мыйзамсыз курал сактоо жана маңзат аткезчилиги боюнча айып такканын расмий билдирди.

Николас Мадурого жана анын жубайы Силия Флореске АКШда Нью-Йорктун Түштүк районунда айып тагылганын 3-январда АКШнын башкы прокурору Памела Бонди жарыялады:

"Николас Мадуро Америка Кошмо Штаттарына каршы максатта баңгизат терроризми, кокаин импорту, курал жана жардыргыч зат сактоо боюнча кутум уюштурган деп айыпталууда. Алар жакында америкалык жердеги америкалык сотто америкалык сот адилеттиги алдында жооп берет".

АКШ президенти Дональд Трамптын айтымында, Венесуэладагы операция күч органдары менен биргеликте ишке ашырылды.

"Америка Кошмо Штаттары Венесуэлага жана анын лидери, президент Николас Мадурого каршы ири масштабдуу операцияны ийгиликтүү жүргүздү, ал кармалып, аялы менен кошо өлкөдөн чыгарылды. Бул операция АКШнын укук коргоо органдары менен биргеликте жүргүзүлдү", - деп жазды Трамп.

Венесуэланын бийлиги менен тыгыз алакадагы Орусиянын Тышкы иштер министрлиги АКШнын бүгүнкү аракетин куралчан агрессия деп атап, кырдаалга байланыштуу тынчсыздануусун билдирди.

АКШны айыптаган билдирүүлөр Беларустун, Ирандын, Кубанын атынан жарыяланды, Аргентина бул операцияга колдоосун билдирди.

Европа Биримдигинин башкы дипломаты Кая Каллас АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен байланышып, соңку окуяларды талкуулаганын, шаркет Мадурону легитимдүү жетекчи деп тааныбай турганын жана Венесуэлада бийлик тынч жол менен өткөрүлүп бериши керек деп эсептей турганын айтты. Ошону менен катар ал кандай аракет болсо да БУУнун Уставынын принциптери сакталышы зарылдыгын белгиледи.

Бир катар америкалык мыйзам чыгаруучулар, айрыкча демократтар, Трамптын администрациясынын бул аракетинин мыйзамдуулугу суроо жаратарын айтып чыгышты жана аскердик күч колдонуу маселесинде Конгресстин уруксаты зарыл экенин эскертишти. (RK)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *