Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Иран: Хаменеи нааразылыкка чыккандарга катаал чара көрүүгө чакырды

Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи 28-декабрдан бери уланып келе жаткан жапырт нааразылыктар боюнча алгачкы жолу пикирин билдирип, “башаламандыктардын катышуучуларына” каршы катаал чаралар көрүлүшү керектигин айтты.
Ишемби күнү телеканал аркылуу сүйлөгөн сөзүндө Хаменеи башка өкмөт мүчөлөрү сыяктуу эле, улуттук акча реалдын наркынын түшүшүнө жана баалардын тез өсүшүнө дүкөн ээлери нааразылык билдирип чыгышканын экономикалык кыйынчылыктан улам негиздүү деп атады. Бирок, аятолла нааразылыкты Иранга душман тышкы күчтөрдүн кызыкчылыгы үчүн “саясий каршылыкка” айландырууга болбостугун белгиледи.
Хаменеинин билдирүүсү АКШ президенти Трамп Ирандагы демонстранттарды ачык колдогондон кийинки күнү болду.
Трамптын билдирүүсүнө байланыштуу Иран Бириккен Улуттар Уюмуна кайрылып, “ички иштерине кийлигишүүсү” жана “мыйзамсыз коркутуулары” үчүн сындоого чакырган. АКШнын аймактагы базаларына сокку уруларын эскерткен.
Толкундоолор 28-декабрда борбор калаа Тегеранда башталган. Буга риалдын наркынын АКШ долларына карата кескин арзандашы жана инфляциянын 52% чейин өсүшү себеп болгон. Кийинчерээк акциялар өлкөнүн башка аймактарына да жайылды.
1-январда мамлекеттик маалымат каражаттары жана эл аралык укук коргоо уюмдары демонстранттар менен коопсуздук күчтөрүнүн кагылышууларынан кеминде жети адам каза болуп, ондогон киши жаракат алганын кабарлашты. Бийликке ыктаган агенттиктер зомбулук үчүн “башаламандык уюштургандарды” айыпташты. Иран бийлиги бул маалыматтарды расмий бышыктай элек, ал эми "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Иран кызматы ("Фарда" радиосу) бул кабарларды өз алдынча текшере алган жок.
Иран президенти Масуд Пезешкиан чыңалууну басаңдатууга аракет кылып, ирандыктардын "мыйзамдуу талаптарын" моюнга аларын айтып, экономикалык каатчылыкты жеңилдетүү үчүн чара көрүүгө чакырды.
"Исламдын көз карашынан алып караганда, эгер элдин жашоо-тиричилик маселесин чечпесек, тозокко барабыз", — деди ал мамлекеттик телеканал аркылуу жасаган кайрылуусунда.

Анткен менен коопсуздук күчтөрүндөгү катаал турумду кармангандар нааразылык акцияларына жана "абалдан пайдаланып башаламандык уюштургандарга" каршы "катуу чара көрүлөрүн" убада кылышууда.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *