Кыргызстанда блогерлер үчүн жаңы мыйзам долбоору даярдалып жатат
Кыргызстанда блогерлерди тескеген жаңы мыйзам долбоору даярдалып жатат.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев АКИpress агенттигине курган маегинде блогерлер ЖМК өкүлү эместигин, бирок миллиондогон катталуучусу бар болгондуктан тараткан маалыматы үчүн жоопкерчилик алууга тийиш экенин белгилеген.
"Жалпыга маалымдоо каражаттары тууралуу мыйзам кабыл алынды. Азыр блогерлер жөнүндө мыйзамдын үстүндө иштеп жатабыз. Биз кандай блогер экенин так аныктап алышыбыз керек. Анткени алар өз катталуучуларына таасир этет. Ооба, блогердин медиага тиешеси жок, бирок кайсы бир маалыматты таратууда ал жоопкерчилик алышы керек", - деген министр.
Министр 50-100 миңден же миллиондон ашык катталуучусу бар айрым блогерлер кайсы бир өнүмдөрдү жарнама кыларын, бул ишкердик болуп саналарын, андыктан эки тарапка тең ыңгайлуу ыкма табуу керектигин кошумчалаган.
Мамбеталиевдин айтымында, бир катар министрликтин адистери иштеп жаткан мыйзам долбоору 2026-жылы даяр болот.
Былтыр август айында президент Садыр Жапаров коомчулукта талаш жараткан “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамга кол койгон. Бул мыйзам маалымат каражаттарын милдеттүү каттоодон өткөрүү, медианы түзүүдө чет өлкөлүк уюмдардын катышын чектөө сыяктуу бир нече нормаларды камтыган. Журналисттер жана жарандык коом "сөз эркиндигин чектейт" деген жүйө менен мыйзамдын кабыл алынышына нааразы болушкан. (ST)