Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Алматыдагы Республика аянтына чогулгандар Январь окуяларынын курмандыктарын эскеришти

5-январда Алматы шаарынын борборундагы Республика аянтына отузга жакын адам чогулуп, 2022-жылы Январь окуяларында курман болгондорду эскерип, маркумдарга багыштап куран окушту.

Аянттын айланасында карапайым кийимчен адамдар сырттан байкоо салып турушту. Куран окулуп жатканда аянтта уюлдук интернет байланышы өчүп калган. Журналисттер аянттын бир бурчунда байланыш жабдуулары бар атайын унаалар турганын байкашкан.

2022-жылдын башында Казакстандын батыш аймагында суюлтулган газдын баасынын өсүшүнө каршы нааразылык акциялары өлкөнүн башка аймактарына да жайылган.

Алматы, Актөбө, Чымкент, Тараз, Талдыкорган, Семей, Өскемен жана башка шаарларда миңдеген адамдар көчөгө чыгып, социалдык-экономикалык маселелер менен катар саясий талаптарды коюп, бийлик башындагыларды кызматтан кетүүгө чакыра башташкан. Айрым шаарларда митингчилер мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин эстеликтерин кулатып, полиция менен кагылышуулар башталган.

Расмий маалыматка ылайык, Январь окуялары маалында Казакстанда 238 адам (алардын көбү Алматыда) каза болгон, алардын арасында жаш балдар да болгон.

Казакстандын президент Касым-Жомарт Токаев "өлкөгө миңдеген террорчулар кол салды" деп жардам сурап Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна кайрылган. Баш кеңсеси Москва шаарында жайгашкан бул уюм Казакстанга аскер киргизген. Ал аскерлер өлкөдө эки жумадай болуп, кийин чыгарылган. Байкоочулар ЖККУ күчтөрүнүн киргизилиши жогорку бийлик элитасынын ичиндеги тирешүүнүн жыйынтыгын алдын ала аныктап койду деп эсептешет.

Казакстан бийлиги өлкөгө сырттан террордук топ кол салганы тууралуу ушул күнгө чейин эч кандай далил келтире элек.

Январь окуяларында адамдарга ок аткандардын көбү аныкталган жок, адам өлүмү боюнча козголгон иштердин басымдуу бөлүгү жабылып калган. Кийин айрым аскер кызматкерлери "кызматтык ыйгарым укуктарын ашыкча пайдаланган" деген айып менен жоопко тартылган.

5-январда Turkistan гезитинде жарыяланган маегинде президент Токаев Январь окуялары боюнча тергөө иштери дагы эле жүрүп жатабы деген суроого "бул тема боюнча негизги жагдайлардын баары эбак эле белгилүү болгон" деп жооп берген.

Тополоңдо каза болгондордун саны расмий маалыматтарга ылайык кеминде 238ге жеткен. Январь окуяларына байланыштуу Казакстанда 10 миңдей адам кармалганы айтылган жана көпчүлүгү кийин бошотулган.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *