Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Бишкек: Карылар үйүндөгү өрт кырсыгынан эки киши каза болду, 14ү ооруканада

Бишкектин Абай көчөсүндө жайгашкан Карылар үйүндө 6-январдын кечинде болгон өрт кырсыгынан эки кишинин өмүрү кыйылды, 14 киши ооруканага түштү. Каза тапкан эки киши оор абалда жаткан паллиативдик бөлүмдүн бейтабы. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) жалпысынан төрт бөлүм жана штаб кырсык болгон жерге кыска убакытта келип, өрт өчүрүүчүлөр күжүрмөн аракет менен тилсиз жоону өчүрүп калышканын, андагы жашоочуларды эвакуациялап, коопсуз жайга чыгарышканын билдирди.

Саламаттык сактоо министрлиги Бишкек шаарынын Медициналык тез жардам клиникалык ооруканасына жеткирилген 14 адамдын 13ү иске ууланганын, бирөө биринчи даражадагы күйүк алганын билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, төрт бейтаптын абалы орточо, экөөнүкү оор, калгандарыныкы салыштырмалуу канааттандырарлык деп бааландууда. Карыя бейтаптардын саламаттыгынын жалпы абалы да таасирин тийгизүүдө.

Жабыркагандардын абалы менен саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов жеринен таанышты, ар бирине тийиштүү жардам уюштурууну тапшырды.

Өрттүн себеби компетенттүү органдардын тыянагынын негизинде аныкталарын Бишкек мэриясы билдирди.

Шаар башкармалыгынын маалыматы боюнча, өрт Карылар үйүнүн паллиативдик жардам бөлүмүнүн бир палатасында болжол менен 30 чарчы метр аянтты каптаган, өрт өчүрүүчүлөр тогуз мүнөт ичинде жетип барышкан.

Карылар үйүнүн негизги имараты жабыркаган эмес. Өрт паллиативдик жардам бөлүмүнүн бир гана палатасында болгон.

Мэрия былтыр июль айында мекемеде өрт жана тактикалык машыгуу өткөрүлүп, өрт коопсуздугу боюнча бардык чаралар белгиленген тартипте сакталганын маалымдады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2024-жылы өрттү көзөмөлдөө кызматынын инспекторлору бул жерде өрт коопсуздук талаптары сакталбагандыгын аныктап, эскертүү беришкенинин, көзөмөлдөөдөн соң эрежелердин сакталышы толугу менен камсыздалганын белгиледи.

Мекеменин маалыматына караганда, былтыр 17-июлда ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгы Карылар үйүндө инструктаж, сабак өткөргөн.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *