Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Абдрахматов “Алтай” шаарчасынын курулушу Сейсмология институту менен макулдашылбаганын айтты

Улуттук илимдер академиясынын президенти Канат Абдрахматов Бишкекте курулушу башталган “Алтай” турак жай шаарчасынын долбоору Сейсмология институту менен макулдашылбаганын кабарлады.

Ал кабат үйлөрдүн пайдубалы үчүн казылган жерлерге суу толуп калганы тууралуу Фейсбуктагы баракчасына пост жазып, турак жай комплекси түшө турган жер сейсмикалык жактан кооптуу экенин айтты. Сейсмология институтун да башкарган Канат Абдрахматов бул аймакта суу жер кыртышына аябай эле жакын экени буга чейин эле белгилүү болгонун, ар кандай тобокелдиктерди алдын алуу үчүн атайын инженердик чечимдер керек экенин кошумчалады.

“Кызык, мындай чоң курулуштун долбоору Кыргызстандын президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту менен макулдашылган эмес”, - деди ал.

Жакында эле социалдык тармактарда “Алтай” шаарчасынын курулушу башталган жердин асмандан тартылган видеосу тараган. Анда пайдубал үчүн казылган жерлерге суу толуп калганын көрүүгө болот. Бул шаарчадан батир сатып алгандар кооптонуп чыгышкан.

“Алтайды” куруп жаткан “Кут” курулуш ишканасы Инстаграмдагы баракчасында бул тууралуу түшүндүрмө берди. Видеодо “Алтай” шаарчасынын курулушун баштоодон мурун компаниянын инженерлери геологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүп, жер астындагы суунун деңгээли, топурактын курамы изилденгени айтылат. Ишкана дренаждык система курулуп суу толугу менен чыгарыларын, кардарлардын кооптонуусуна негиз жок экенин кабарлады.

20-ноябрда Бишкектин түндүк-батыш ыптасында 234 гектар аянтты ээлеген жаңы “Алтай” турак жай шаарчасынын курулушу башталып, ага президент Садыр Жапаров да катышкан.

Маалыматка караганда, долбоор боюнча беш кабаттуу 1551 үй курулуп, жалпы 34 004 батир пайдаланууга берилет. Курулуштун жалпы аянты 1 миллион 7 миң чарчы метрден ашат. “Кут” курулуш ишканасы батирлердин баары сатылып кеткенин маалымдады. Шаарчада мектеп, бала бакча, бейтапкана, сейил бак, спорт жана балдар үчүн аянтчалар курулат. (BTo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *