Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Миннеаполисте иммиграция кызматкери аялды атып салгандан кийин наарызылык акциясы өттү

Окуя 7-январда АКШнын Миннеаполис шаарында болду. Американын иммиграция жана бажы көзөмөл кызматынын кызматкери (ICE) америкалык жаранды атып салган. Федералдык бийлик маркум машинеси менен коюп кетерде кызматкер өзүн-өзү коргоду деп түшүндүрүп жатат.

Трамптын администрациясына каршы чыгып келаткан шаардын мэри бул айтылгандар жалган экенин билдирүүдө.

Маркум 37 жаштагы Рене Николь Гуд АКШнын жараны болчу, артында алты жашар баласы калды.

Социалдык тармактардагы аккаунттарында Гуд өзүн "акын, жазуучу, жубай жана эне" деп тааныштырган.

Соцтармактарда жарыяланган видеодо ICE кызматкери жол ортосуна бурулуп чыккан машиненин айдоочусунан эшикти ачууну талап кылып, тутканы кармаганы, аял токтотпой алдыга жылганда дагы бир кызматкер маңдайына келип куралын алып чыгып кеминде үч жолу ок чыгарганын көрүүгө болот. Андан кийин автоунаа башкарууну жоготуп катуу ылдамдыкта жол четинде токтоп турган эки машинеге барып урунганы тартылган.

АКШнын ички коопсуздук министри Кристи Ноэм Гуд автоунаасы менен ICE кызматкерлеринин жолун тороп, четке чыгуудан баш тартканын, укук коргоо органынын өкүлүн сүзүп кеткенин маалымат жыйында билдирди.

Окуяга АКШ президенти Дональд Трамп да комментарий берип, маркумду "кесипкөй агитатор" деп атап, ал "рулда өзүн тартипсиз алып жүргөнүн, каршылык көрсөткөнүн жана ICE офицерин атайлап сүзүп кеткенин" айтты.

Трамп видеолордон улам кызматкердин тирүү калганына ишенүү кыйын экенин, азыр ал ооруканада жатканын жазган.

Бирок соцтармактарда жарыяланган башка видеолордо Рудду аткан ICE кызматкери окуя болгондон кийин деле басып жүргөнү көрүнөт.

Миннеаполистин мэри Жейкоб Фрей кызматкер өзүн коргоо үчүн атты деген билдирүүнү четке кагып, окуянын видеосу буга далил экенин билдирди.

Шаршембинин кечинде окуя болгон жерге миңдеген киши чыгып, иммиграция кызматкерлеринин шаардан чыгып кетишин, мигранттарга каршы рейддердин токтошун талап кылышты.

Буга чейин Ички коопсуздук министрлиги Миннесота штатында "тарыхтагы эң ири операция башталганын", ага ICE кызматынын эки миң кызматкери тартылганын билдирген. Ноэмдин айтымында, акыркы апталарда бийлик 1500дөй кишини кармаган. Бул аракет социалдык жөлөкпул тууралуу шылуундукка сомалилик иммигранттар аралашканы тууралуу айыптоолор чыккандан кийин башталган.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *