Майлуу-Суу лампа заводунун кызматкерлерине үч айдан бери албаган маянасын мамлекет төлөп бермей болду. Жумушчулар 2-январда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев менен жолугуп, заводду катуу текшерүүнү суранышты. Көпчүлүгү жетекчинин жумушуна нааразы.