Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Рубио "АКШ Ирандын элин колдой турганын" жазды

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио ишембиде өз өлкөсү "Ирандын эр жүрөк калкын колдой турганын" жазды.

Бул билдирүү Ирандагы нааразылык акциялары өлкө аймагына жайылып, интернет өчүрүлгөн тушта жасалды.

АКШ президенти Дональд Трамп 9-январдын кечинде Вашингтон Ирандагы кырдаалга көз салып жатканын билдирди. Ал Тегеранга мурда да эскертүү бергенин, эгер нааразылык акцияларын күч менен таркатуу маалында курмандыктар көбөйсө, АКШ азыркы иран режиминин "талуу жерине сокку ура турганын" айткан.

Трамп АКШ аскерлерин Иранга жөнөтүү жөнүндө сөз болбогонун белгилеп, бирок кабыл алына турган чаралар катуу болорун кошумчалады.

Иран бийлиги нааразылыкка чыккандарды АКШнын кызыкчылыгында иш алып барган "тополоңчулар" деп атады. Ирандын жогорку руханий лидери Али Хаменеи Дональд Трамптын өзүн "тактан кулатарын" айтып коркутту. Нааразылык акцияларына каршы билдирүүлөрдү Ислам революциясынын сакчылар корпусу дагы жасады.

Жума күнү кечинде жана ишембиге караган түнү Ирандын көптөгөн шаарларында жапырт нааразылык акциялары өттү. Элдин толкушу эки аптадан бери уланууда, бийликтин күч колдонуу чараларына карабай акыркы күндөрү көчөгө чыккандардын саны арбын.

Иранда интернет өчүрүлгөнүнө карабастан, социалдык тармактарда көчөлөрдө адам көптүгүн ырастаган видеолор жарыяланууда.

Нааразылык жүрүштөр маалында кармалгандардын, каза болгондордун жана жараат алгандардын так саны азырынча ырастала элек.

Ар кандай маалымат булактары кармалгандардын саны 2 миңден ашканын, ондогон адамдар каза болгонун жазууда. "Фарда" радиосуна 35 адам каза болгону тууралуу маалымат түшкөн. Укук коргоо уюмдары 45тен 65ке чейин адам өлүшү мүмкүн деп жазышууда. Каза тапкандар арасында жашы жете электер жана коопсуздук күчтөрүнүн кызматкерлери да бар.

9-январда Евробиримдикке кирген өлкөлөр Иран бийлиги көчөгө чыккандарга ашыкча күч колдонгонун айыпташкан. Франция, Германия жана Британиянын лидерлери кырдаалга байланыштуу билдирүү таратышты.

1979-жылы тактан кулатылган Иран шахынын уулу, учурда АКШда жашаган Реза Пехлеви Ирандын экономикасын кыймылдатып турган тармактардагы жумушчуларды жалпы улуттук иш таштоого чакырды. Иран оппозициясынын маанилүү фигураларынын бири Пехлеви нааразылык акцияларын токтотпоого үндөдү.

Иранда нааразылык акциялары өткөн жылдын соңунда өлкөдөгү экономикалык кыйынчылыктардан улам тутанган. Көчө соодагерлеринин нааразылык акциясына студенттер жана башка шаар тургундары, негизинен жаштар кошулган. Барган сайын Ирандын учурдагы бийлигине каршы ураандар, революцияга үндөгөн чакырыктар көбүрөөк жаңырууда.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *