Иран: Трамп демонстранттарга жардамга даярдыгын, Еврошаркет колдоосун билдиришти
Иранда өкмөткө каршы демонстрациялар уланып жатканына 11-январда 15 күн болду. Бийлик акцияга чыккандарга каршы аракеттерин күчөтүп жатканы кабарланууда. Ал тапта АКШ президенти Дональд Трамп Кошмо Штаттар Иранга эркиндикке жетишүүсүнө жардам берүүгө даярдыгын билдирсе, Европа Биримдиги Ирандагы демонстранттарды толук колдой турганын жана аларга каршы күч колдонууну айыптарын Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен кабарлады.
11-январдын таңында да Ирандын борбор калаасы Тегерандын көчөлөрүндө бийликке каршы ураандар айтылганы угулуп жатты.
Өлкөдө интернет байланышы улам өчүрүлүп жаткандыктан, расмий маалымат жок болгондуктан күч кызматтарынын демонстранттарга каршы аракетинен жабыркагандардын так саны белгисиз. Бирок, укук коргоочулардын соңку эсебинде, ондогон шаарда эки апта ичинде кеминде 116 адамдын өмүрү кыйылды.
AFP маалымат агенттиги аныктыгын ырастаган видеолордун биринен Тегерандын түндүк бөлүгүндө топтолгон адамдар Ирандын 46 жыл мурда бийликтен кулатылган шах династиясынын мураскерине колдоосун, өлкөнүн азыркы башкаруусуна каршылыгын билдирип, ураан таштап жатканын көрүүгө болот.
АКШ президенти, соңку күндөрү Иран боюнча бир нече билдирүү жасап, бул мамлекеттеги окуяларга кийлигишүүсү мүмкүн экенин эскерткен Дональд Трамп 10-январдын кечинде:
"Иран, балким, мурда болуп көрбөгөндөй ЭРКИНДИККЕ умтулуп турат. АКШ жардам берүүгө даяр!!!", - деп өзүнүн Truth Social социалдык түйүнүнө жазды.
Көп өтпөй ал Fox News телеканалынын Иранда митингчилер өлкөнүн туусун 1979-жылдагы революцияга чейинки тууга алмаштырып жатканы тартылган кыска видеосун жарыялады.
Ирандагы азыркы авторитардык башкаруу 1979-жылы Ислам революциясынын натыйжасында АКШнын союздашы, ошол кездеги шах Мохаммед Реза Пехлеви бийликтен кулатылгандан кийин орногон. Ал жетекчи 1980-жылы Египетте бозгунда каза болгон.
Бир күн мурда АКШ президенти Ак үйдө мунай компанияларынын жетекчилери менен жыйын куруп, "Ирандын абалы оор. Менимче, адамдар кээ бир шаарларды басып алып жатышат, бир нече жума мындайды элестетүү мүмкүн эмес болчу" деп айткан эле.
Ошондой эле Трамп 9-январда "Биз кырдаалга абдан дыкат көз салып турабыз. Эгер алар мурдагыдай эле адамдарды өлтүрө баштаса биз кийлигишерибизди чечкиндүү түрдө айта алам. Биз алардын талылуу жерине өтө катуу сокку урабыз. Бул жөө аскерлерди жеткирүү дегенди билдирбейт, бирок бул өтө, өтө катуу сокку дегенди билдирет" деген.
10-январда Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Х социалдык тармагындагы баракчасына АКШ "Ирандын эр жүрөк элин колдой турганын" жазган.
Алгачкы нааразылык 28-декабрда Тегерандагы Чоң базарда тутанып, башка да ондогон шаарларга жайылды.
Бийлик интернетти адегенде ылдамдыгын азайтып, кийин, 8-январда таптакыр өчүрүп салганы, телефон байланышы да үзгүлтүккө учурап жатканы кабарланууда.
Демонстранттар борбор калаа Тегерандан башка да ири шаарларда көчөгө чыгууда, айрым ооруканаларда жараат алгандардын көптүгүнөн орун жетишпей жатканы маалымдалууда.
Би-Би-Си жазгандай, жараат алгандардын көбүнүн башына, көзүнө ок тийген.
Human Rights Activist News Agency (HRANA) агенттигинин укук коргоочуларынын 11-январга карата маалыматына караганда, эки аптадан бери кеминде 116 кишинин өмүрү кыйылды, алардын арасында демонстранттар да, күч кызматкерлери да бар. Мындан тышкары, HRANA билдиргендей, камакка алынгандар саны кеминде 2638 жетти. Интернет байланышы таптакыр жок шартта акциялар 185 шаардын 547 жеринде өттү.
28-январда башталган нааразылыкка Ирандын улуттук акчасы риалдын наркынын АКШ долларына карата 80% арзандашы жана инфляциянын 52% чейин өсүшү себеп болгону айтылган.
Мамлекеттик "Мехр" маалымат агенттиги азык-түлүк баасы жогорулап жатканын, мисалы, тоок эти бир апта мурда 1,69 миллион риал болсо, азыр 2,3-3 миллионго, жумуртканын он даанасы 2,85 миллиондон 4,8 миллионго чыкканын кабарлады.
Ирандагы көптөн берки саясий жана экологиялык проблемалар, анын ичинде калкы 10 миллионго чукул Тегерандагы болуп көрбөгөндөй кургакчылык экономикалык абалды ого бетер курчутту.
Өлкө президенти Масуд Пезешкиан экономикадагы кырдаалды жакшыртуу үчүн "жаңы чараларды" убада кылуу менен нааразылык акцияларын басууга аракет кылды, бирок демонстрацияларда андан да кеңири маселелер көтөрүлө баштады.
Азырынча өлкөнүн динчил бийлиги тараптан элдин талабына баш ийүү белгилери жок. Өлкөнүн эң башкы бийлиги болгон жогорку руханий лидери, аятолла Али Хаменеи 9-январда режимдин жактоочуларына кайрылып, митингчилерди АКШнын президенти Дональд Трамптын атынан аракеттенүүдө, мамлекеттик мүлккө кол салууда деп айыптап, “чет өлкөлүктөргө жалданган адамдарга каршы чара көрүлөрүн” эскерткен:
"Кечээ кечинде козголоңчулар менен вандалдардын тобу мамлекетке, элдин өзүнө таандык имаратты талкалап кетишти. Алар жөн гана америкалык президентке жагууну көздөгөн".
Хаменеи Трампты “өз өлкөсү менен алектенүүгө” үндөгөн.
Би-Би-Си 11-январда CNN телеканалына таянып Хаменеинин 9-январдагы теле кайрылуусунан кийин репрессия ырайымсыз күчөгөнүн жазды.
Ошол күнү Тегерандагы акцияга катышкандардын бири демонстранттарга каршы күч колдонулгандан кийин башталган азап тууралуу айтып берген. Ал күч кызматкерлери эч кимди ылгабай, баарына катар ок атып, көздөн жаш агызуучу газ колдонуп, бир кызды электрошокер менен ал эс-учун жоготкончо урганына күбө болгонун, кесиптештеринин биринин уулу ошол акцияда каза тапканын билдирген.
"Тилекке каршы, бул режим сырттан күч болмоюнча кетпейт деген реалдуулукка баш ийишибиз керек болуп калды", - деген CNNдин маектештеринин бири.
Европа Ирандагы протестчилерди толук колдой турганын 10-январда Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен билдирди. Ал Х социалдык түйүнүндөгү баракчасына:
"Тегерандын көчөлөрүндө жана дүйнө жүзүндөгү шаарларда ирандык аялдар менен эркектердин эркиндикти талап кылган кадамдары жаңырып жатат. Сүйлөө, чогулуу, саякаттоо жана баарынан мурда эркин жашоо эркиндиги. Европа аларды толугу менен колдойт. Биз бул мыйзамдуу демонстрациялардын күч менен басылышын бир беткей айыптайбыз", - деп жазды.
Ирандагы азыркы толкундоолор 2022-жылдын сентябрынан берки эң ири нааразылык акциялары боллууда. Анда 22 жаштагы ирандык студент Махса Амининин өлүмүнөн кийин ири толкундоолор тутанган, Тегеранда адеп-ахлак полициясы көчөдө хижабсыз жүргөнү үчүн деген негизде кармап кеткен Амини абакта каза болгон. Полиция ал жүрөгү кармап көз жумганын маалымдаган, бирок күбөлөр полиция аны катуу сабаганын айтып беришкен.
Амининин абактагы өлүмүнөн кийин өлкөнүн бир нече аймагында нааразылык акциялары башталган, жүздөгөн киши кармалып, кеминде 200дөй адам өлүм жазасына тартылган.
"Ирандагы адам укуктары боюнча борбор" (CHRI) уюмунун маалыматына караганда, 2023-жылы Иранда 700 адам дарга асылган.