Аялы үй-бүлөлүк зомбулукка айыптаган мурдагы депутат кармалды
Ички иштер министрлиги (ИИМ)Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аккулу Бердиев алдамчылык фактысына жана зомбулукка байланыштуу кармалганын билдирди.
"2022-жылы жаран Б.А.Т. алдоо жолу менен акча каражаттарын алып, жеке максаттарына жумшаганы аныкталган. Шектүү катары 1966-жылы туулган Б.А.Т. кармалды. Ички иштер органдарына аталган адамдын жубайынан буга чейин үй-бүлөлүк зомбулук боюнча кайрылуулар келип түшкөн. Бул материалдар катталып, мыйзамда белгиленген тартипте каралууда", - деп жазылган ИИМдин билдирүүсүндө.
Буга чейин өзүн Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аккулу Бердиевдин жубайымын деп тааныштырган Батма Ормонова Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) башчысы Камчыбек Ташиевден жардам сураган. Ал видео кайрылууда жолдошунан зомбулук көрүп келгенин айткан.
Беш баланын энеси экенин айткан аял коопсуздугу коркунучта болуп жатканын белгилеп, күйөөсүн көп аялдуулукка да айыптаган.
Аккулу Бердиев Жогорку Кеңештин 7-чакырылышында “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен Адахан Мадумаровдун ордуна депутат болуп келген.
Өмүр баянында Чоң-Алай районунда туулганы, 1996-жылдан баштап жеке ишкерлик менен алектенгени, Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетин, кийин диний окуу жайлардын бирин да аяктаганы көрсөтүлгөн.
Өзү же жактоочулары анын дарегине айтылып жаткан айыптоолор боюнча азырынча үн ката элек. (ST)