Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Президент Жапаров Бишкекте МИК курган батирлердин чарчы метри 950 доллардан айланганын айтты

Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) курган жаңы батирлер бүгүн, 12-январда ээлерине тапшырылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов маалымдады.
Бишкектеги "Мурас" турак жай комплексиндеги батирлердин ачкычтары ээлерине президент Садыр Жапаровдун катышуусунда тапшырылды. Мамлекет башчы салтанаттуу иш-чарада сүйлөп жатып, ипотеканын баасы тууралуу маалымат берди.

Садыр Жапаров МИК курган үйлөр ээлерине баштапкы төлөмсүз, 25 жылдык мөөнөткө, 4-8% үстөк менен берилип жатканын белгиледи.

"Мисалы, Бишкек шаарында жана Чүй облусунда чарчы метрин 700 доллардан “под ключ” бересиңер деп биз жеке компанияларга тапшырма берип, салдырып, анан алар 700 доллардан бир доллар ашырбай, Мамлекеттик ипотекалык компанияга өткөрүп берет. Мына ушул үйлөрдү 700 доллардан алып жатабыз. Ал эми Мамлекеттик ипотекалык компания үстүнө 250 доллардан кошуп, 950 доллардан берип жатат. Анткени, муну туура түшүнүшүңүздөр керек, МИК батирлерди 25 жылга берип жаткандан кийин, бул 250 доллар ошол 25 жыл ичиндеги инфляцияны жаппайт. Керек болсо 50 пайызын дагы жаппайт. Биз ошого карабастан, элге жеңилдик болсун деп берип жатабыз. Эгерде жеке жактардан алсаңар, жок дегенде 1500 доллардан алат элеңер", - деди Жапаров.

Президент Садыр Жапаров курулуш материалдарынын кымбаттап жатканын, жумушчулардын айлык акы, насостук жана саркынды агызуучу жайларды куруу акысы да көтөрүлгөнүн эсепке алганда, учурдагы баалар экономикалык жактан толук негиздүү экенин белгиледи.

Бишкектин батыш тарабындагы мурдагы абактын жерине курулган “Мурас” турак жай комплексиндеги алгачкы батирлер 2024-жылдын декабрь айында ээлерине тапшырылган.

2026-жылдын 12-январында аталган комплекстин экинчи этабы аркылуу 8 блоктон турган, 64 672 чарчы метрди түзгөн 1080 батир берилди. Анын ичинен 1 бөлмөлүү - 360 батир, 2 бөлмөлүү - 432 батир, 3 бөлмөлүү - 288 батир.

Жалпы долбоор боюнча "Мурас" комплекси 39 блоктон турат, 4 754 батирди камтыйт. Долбоор 2024-жылы башталган, болжолдуу бюджети 4 млрд 166 млн сом деп айтылган.

Президент Садыр Жапаров жыл жаңыргандан кийин "Кабар" агенттигине курган маегинде 2026-жылы республика боюнча 20021 батирди пайдаланууга берүү көздөлүп жатканын, былтыркы жылы Кыргызстанда 4662 үй-бүлө турак жай менен камсыз болсо, 2024-жылы 1 197 үй-бүлө конуштуу болгонун айткан. (ZKo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *