Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Иран: толкундоолордо 500дөн көп киши өлгөнү кабарланды

Ирандагы каршылык акцияларында каза тапкандар 500дөн ашканын Reuters агенттиги АКШда жайгашкан HRANA укук коргоо уюмуна таянып жазды.

Ирандын бийлиги курмандыктардын саны тууралуу расмий маалымат бере элек. Reuters укук коргоочулардын маалыматын көз карандысыз булактардан тактай албай жатканын кабарлады.

HRANA уюмунун билдирүүсуңдө, каршылык акцияларынын 490 катышуучусу, күч органдарынын 48 кызматкери каза тапкан. Толкундоолор башталган эки апта аралыгында 10 600дөн ашуун киши кармалды.

Ирандын мамлекеттик телеканалы Тегерандагы соттук-медициналык экспертизанын имаратынын алдында ондогон сөөктөрдү көрсөтүп, каза тапкандар "куралдуу террорчулар" көкүткөн окуялардын курмандыгы болгонун билдирди.

Башка булактар да ооруканаларга кайрылгандар көп экенин билдирип жатышат. Эки бейтапкананын дарыгерлери Би-Би-Сиге эки күн ичинде аларга 100дөн ашуун сөөк келгенин маалымдашты. Башка ооруканаларда иштегендер жаракат алгандар жана өлгөндөр көп экенин айтып беришти.

Би-Би-Синин перс кызматына Рашт шаарындагы оорукананын кызматкери жума күнү 70 сөөк түшкөнүн, Тегерандагы бейтапканалардын биринин кызматкери 38 кишинин өлүмү тууралуу маалымдады.

Америкада жашаган Ирандын акыркы шахынын уулу Реза Пехлеви Fox телеканалына акыркы эки күнү толкундоолордо 2001-жылдын 11-сентябрында Кошмо Штаттарда болгон теракттагыдан көп киши өлгөнүн айтты. Ал кезде теракт үч миңге чукул кишинин өмүрүн алган.

Иранда 9-январдан бери интернет өчүрүлгөндүктөн бул билдирүүлөрдү текшерүүгө мүмкүн болбой турат. Эл аралык маалымат каражаттарынын бул мамлекетте иштөөгө мүмкүнчүлүгү жок.

Өлкөдө баалардын кескин өсүшүнө байланыштуу нааразылык акциялары 28-декабрда башталып, 1979-жылдагы Ислам революциясынан бери башкарып келаткан клерикалдык бийликке каршы толкундоолорго жетти.

Бийлик башаламандыктар үчүн АКШ менен Израилди айыптады. Ирандын президенти Масуд Пезешкиан "өлкөнүн душмандары мечиттерди өрттөгөн, банктар менен мамлекеттик коопсуздукка кол салган террорчуларды тартканын" билдирген.

Reuters агенттиги америкалык чиновникке шилтеме берүү менен АКШ президенти Дональд Трамп Иранга байланыштуу аракеттерди кеңешчилери менен талкуулоону көздөп жатканын жазды.

Буга чейин The Wall Street Journal талкууланып жаткан варианттардын арасында аскердик сокку, кибероперация, санкцияларды кеңейтүү жана өкмөткө каршы булактарды онлайн колдоо маселеси айтылып жатканын билдирген.

Израилдик булактар да АКШнын мүмкүн болгон кийлигишүүсүнө байланыштуу жогорку даярдыкта турганын айтышкан.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *