Алкоголдук ичимдиктердин акциздик салыгы кымбаттады
Жаңы жылдан тарта алкоголдук ичимдиктердин акциздик салыгы кымбаттады. Мамлекеттик салык кызматы 2026-жылдын 1-январынан тартып арактын акциз салыгынын ставкасы бир литрине 200 сомду түзөрүн эскертти.
Маалыматка ылайык, акциз салыктары 2029-жылдын 1-январына чейин этабы менен жогорулап отурат. Бул Министрлер кабинети былтыр 18-декабрда кабыл алган токтомдун негизинде ишке ашып жатат.
2021-жылга чейин этил спиртине жана алкоголдук продукциялардын айрым түрлөрүнө акциз салыгынын ставкасы бир литрине 100 сом болчу. 2021-жылдын башында 120 сом, 2022-жылы 140 сом, 2023-жылы 160 сом болгон.(ZKo)