Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Улуттук кардиологиялык кызматтын жетекчилери иштен алынды

Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун (УКТБ) директору Талантбек Сооронбаев жана Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунун (ЖХОТИИИ) директору Самидин Шабыралиев кызматтарынан алынды. Бул тууралуу 12-январда Саламаттык сактоо министрлиги Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди.

Маалыматка караганда, эки жетекчи министр Каныбек Досмамбетов аталган мекемелерде жүргүзгөн көчмө текшерүүнүн жыйынтыгында иштен кетишти.

Министрлик тараткан билдирүүдө Улуттук кардиология жана терапия борборунда жүрөк-кан тамыр оорулары менен кайрылган бейтаптарга шашылыш жардам көрсөтүүдө бир катар кемчиликтер аныкталган. Атап айтканда, ангиографтардын иштебей турушу, коронароангиографиянын убагында жасалбашы, реанимация бөлүмдөрүндө эхокардиографиянын жоктугу белгиленген.

Ошондой көп тармактуу дарыгерлер консилиумунун жоктугу айрым учурларда дарылоонун жыйынтыгына терс таасир тийгизип жатканы белгиленген.

Мындан тышкары, сатып алуулардагы коррупциялык тобокелчиликтер, Талантбек Сооронбаевдин чет өлкөлөргө тез-тез чыгышына байланыштуу суроолор көтөрүлгөнү жазылат.

Министрликтин билдирүүсүндө Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунда жабдууларды жана чыгым материалдарын сактоо эрежелеринин бузулганы аныкталганы жазылат.

Талантбек Сооронбаев менен Самидин Шабыралиев министрлик тараткан билдирүү боюнча азырынча кооментарий берише элек.

Кыргызстандын эмгек сиңирген дарыгери, медицина илимдеринин доктору, 63 жаштагы Сооронбаев бир топ жыл Кыргызстандын башкы пульмонологу катары эмгектенип, 2022-жылдан тарта Улуттук кардиология жана терапия борборунун жетектеп келген.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *