Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

ТИМ АКШнын Кыргызстандагы элчиси менен виза талаптары талкууланганын билдирди

12-январь күнү Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушту. Анда тараптар кыргыз-америка кызматташтыгынынын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашып, эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Тышкы саясат мекемесинин басма сөз кызматы кабарлагандай, жолугушууда ошондой эле АКШнын Кыргызстандын жарандарына B-1/B-2 категориядагы визаларды берүүдө киргизген кошумча талаптарына байланыштуу маселелерге көңүл бурулду. Кыргыз тарап жаңы талаптардын киргизилишине тынчсыздануусун билдирип, эки өлкө жарандарынын өз ара сапарларын жеңилдетүү зарылдыгын белгилеген. Мындан тышкары, бул чектөөлөр эки өлкөнүн ишкерлери ортосундагы байланыштарды өнүктүрүүгө жана соода-экономикалык кызматташтыгын тереңдетүүгө тоскоолдук жаратары айтылган.

Элчи Лесли Вигери кошумча талаптар кандайдыр бир конкреттүү өлкөгө карата эмес, АКШнын миграциялык саясатынын алкагында виза мыйзамдарын сактоо зарылдыгын эске алуу менен киргизилгенин белгиледи.

Тараптар визалык чөйрөдөгү учурдагы абалды жөнгө салууга багытталган өз ара чечимдерди издөөдө тыгыз кызматташууну макулдашты. Жолугушууда ошондой эле, 2026-жылдын 4-5-февралында Бишкек шаарында көздөлүп жаткан «В5+1» форумуна даярдыктар тууралуу кеп козголгон.
Американын элчилиги жолугушуу тууралуу маалымат бере элек.
Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы Кошмо Штаттарга кирүү үчүн күрөө төлөй турган мамлекеттердин тизмесин дагы кеңейткен. Мамлекеттик департаменттин сайтына жарыяланган тизме 6-январда жаңыланып, ага 25 мамлекет, анын ичинде Кыргызстан да кошулду. Муну менен виза үчүн жарандары күрөө төлөй турган өлкөлөрдүн жалпы саны 38ге жетти. Борбор Азиядан бул тизмеде Кыргызстандан тышкары Тажикстан менен Түркмөнстан да бар. (ZKo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *