Бишкектеги Гареев атындагы ботаникалык бакка футбол аянтчаларын курууга тыюу салуу чакырыгы айтылды. Депутат Дастан Бекешов бийликке кайрылып, бул демилгеге уруксат бербөөнү суранды. Бактын жетекчилиги курулуштар боло турган аянтта жер таштак жана дарактар өспөй турганын жүйө келтирүүдө.