Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Сот журналисттин чет өлкөдөн дарыланып келүү суранычын четке какты

Ардагер журналист Баян Жумагулованын Германияга барып дарыланып келүүгө уруксат берүү өтүнүчүн Бишкектин Свердлов райондук соту четке какты. Бул тууралуу журналист "Азаттыкка" билдирди:

"Мен 2-топтогу майыпмын, бир нече жыл мурун бөйрөгүмдү алмаштыргам. Көп жылдар Германияда жашап, ал жактан дарыланып келгем. 2026-жылдын февралында кезектеги пландуу операцияга барышым керек болчу. Ошондуктан сотко мага Германияга барууга уруксат берүүсүн өтүнүп кайрылгам. Бирок менде Германиядагы клиникадан, бул жактагы дарыгерлерден алынган документтер турса дагы судья Алмаз Жумагулов өтүнүчүмдү четке какты".

Баян Жумагулова сот чечими угузулганда өзүн жаман сезип жыгылып калганын, жакындарынын жардамы менен Улуттук госпиталга жеткирилип, алгачкы жардам алгандан кийин гана үйүнө кайтып келгенин кошумчалады.

Журналисттин маалыматы боюнча Свердлов райондук соту "Азаттыкка" кыскача комментарий берип, тагылган айып анча оор эмес кылмыш болуп эсептелерин, судья чечим кабыл алганда айыпталуучунун ошол макамын эске алганын билдирди.
Журналист Баян Жумагуловага 2024-жылы Кылмыш-жаза кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Журналист сот чечими менен эч жакка кетпөө тилкатынын негизинде жашаган жеринен чыкпоого милдеттендирилген.

Анын иши боюнча соттук териштирүү улам бир себептер менен бир жарым жылдан ашуун убактан бери райондук сотто каралып келе жатат.

Баян Жумагулова 67 жашта, 2-топтогу майыптыгы бар. "Азаттыкта" иштеп, пенсияга чыккан. (ZKo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *