Бишкекте мектепте мугалим окуучуну сабаган окуяны комиссия иликтейт
Бишкектеги №87 мектепте мугалим окуучуну уруп-согуп жаткан окуяны териштирүү үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти комиссия түздү. Бул тууралуу Агартуу министрлиги кабарлады.
Министрлик кыргыз тили сабагы учурунда мугалимдин окуучуга жасаган мамилесине байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, бул окуя министр Догдуркүл Кендирбаеванын көзөмөлүндө экенин кошумчалады.
15-январда социалдык тармактарда борбор калаадагы №87 мектепте кыргыз тили сабагы учурунда мугалим окуучуну “сабакты билбейсиң” деген негизде жаакка чапкылап, уруп-согуп жатканы тартылган видео тараган. Коомчулукта мугалим сынга кабылды.
Кыргызстанда буга чейин да мугалимдер окуучуларды сабаган окуялар катталган. (BTo)