Ошто 17 магнитти жутуп алган эки жашар балага операция жасалды
Ошто оюнчуктун 17 магнитин жутуп алган эки жашар балага операция жасалды. Ош облус аралык балдардын клиникалык ооруканасынан билдиришкендей, баланын жакындары ал үч күндөн бери кусуп жатканын айтып райондук ооруканага кайрылган. Рентгенден текшерүүнүн жыйынтыгында ичегилерде бир нече тизилген белгисиз зат аныкталган.
Оорукананын хирургдары балага тез арада операция жасап, жутулган 17 даана магнитти ичегилеринен алып чыгышкан. Ушул тапта баланын абалы туруктуу деп бааланууда.
Оорукана ата-энелерге магнити бар оюнчуктар балдар үчүн кооптуу экенин эскертти. Дарыгерлер бир нече магнит жутулганда алар ичеги-карында бири-бирине тартылып, оор кесепеттерге, операцияга чейин алып келиши мүмкүн экенин кошумчалашты.
Ушундан улам оюнчук сатып алууда балдардын коопсуздугуна көңүл буруу керектиги айтылды. (BTo)