“Аалам стройго” ири өлчөмдө айып пул салынып, курулушу токтотулду
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев 17-январда Бишкектеги бир катар курулушту текшерди.
Аталган министрликтен кабарлашкандай, анда “Аалам строй” компаниясы куруп жаткан турак-жай комлексинде курулуш мыйзамдары бузулган жана коопсуздук чаралары сакталбаган учурлар аныкталды. Мындан улам компанияга 3 миллион сом айып пул салынып, курулушу токтотулду.
"Аалам Стройго" таандык Анкара көчөсү 3а дарегиндеги турак жай комплексинин ондон ашык блогунун ар биринде бир катар курулуш мыйзамдары жана техникалык коопсуздук эржелери бузулганы аныкталды. Ошондой эле, аталган компания объектинин курулуш этаптарын жеке лабораториялардан өткөргөндүгү белгилүү болду. Мындан сырткары курулуш объектисиндеги блоктордун мыйзамсыз үлүш ээлерине пайдаланууга берилгени аныкталды. Натыйжада "Аалам Стройго” жалпы суммасы 3 миллион сомдук айып пул салынды. Ошондой эле, курулуш иштери токтотулуп, компаниянын лицензиясын токтотуу маселеси комиссиянын отурумунда каралат. Нурдан Орунтаев объектидеги курулуштун сапатын Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун лабораториясынан өткөрүүнү тапшырды жана анын жыйынтыгынан улам өзүнчө чаралар көрүлөт. Текшерүүнүн жыйынтыгынан кийин Орунтаев министрликке караштуу мекемелердин жооптуу кызматкерлерине катуу чаралар көрүлөрүн билдирди”,-деп жазылган маалыматта.
“Аалам строй” буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек. Аталган компания Бишкектин четинде бир канча көп кабаттуу үйдөн турган турак-жай комплексин куруп жаткан.
Аталган министрлик ушул жылы июнь айында Бишкекте курулуштагы коопсуздук талаптары сакталган эмес деген жүйө менен он чакты компанияга эскертүү берип, айрымдарынын ишин убактылуу токтоткон. Алардын арасында “Аалам строй” дагы болгон.
Бул компания негизги кемчиликтер жоюлганын айтып, дооматтарды четке кагып келген. “Аалам стройдун” лицензиясы 2024-жылы августта дагы убактылуу токтотулуп, кайра калыбына келтирилген.