Кыргызстан Орусиядан мигранттарды көзөмөл реестрден чыгарууну жөнөкөйлөтүүнү өтүндү
Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев 22-январда Москвада Орусиянын Ички иштер министрлигинин Миграция кызматынын өкүлү менен жолугушту. Анда кыргыз жарандарынын Орусияга кирүүсү, жүрүшү жана жумушка орношуу маселелери талкууланды. Ошондой эле көзөмөл реестрине киргизилген жарандар так аныкталган механизмдин жоктугунан улам реестрден чыгарууда кыйынчылыктарга туш болуп жатканы белгиленди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы маалымдады.
Алмаз Имангазиев буга байланыштуу Орусиядан чыгып кетүүнү талап кылбай туруп, реестрден чыгаруу жол-жобосун мыйзамдуу түрдө белгилөө мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну орус тараптан өтүндү. Мындан тышкары, тараптар Москва шаарында жана облусунда "Амина" тиркемеси аркылуу визасыз иштеп жаткан мигранттардын санариптик миграциялык каттоосу боюнча пилоттук долбоорду өлкөнүн башка ири шаарларында да жайылтуу зарылдыгын белгилешти.
Имангазиевдин бул жолугушуусу анын Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Орусиянын тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын биринчи жолугушуусунун алкагында өттү.
ТИМдин маалыматына караганда, отурумда былтыр Дүйшөмбү шаарында өткөн саммитте мамлекет башчылары көтөргөн демилгелерди ишке ашыруу талкууланды. Имангазиев аймактык коопсуздукту камсыз кылуу, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү, транспорттук байланышты өнүктүрүү, маданий-гуманитардык чөйрөдөгү жана башка тармактардагы байланыштарды чыңдоо зарылдыгын өлкөлөр ортосундагы союздаш мамилелер бекемдей тургандыгын баса белгилеген.
Орусиянын көзөмөл реестринде турган Кыргызстандын 35 миңге чукул жаранын депортация күтүп турганын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 15-январдагы маалымат жыйынында билдирген.
Орусияда 2024-2025-жылдары миграциялык мыйзамдар катаалдаша баштады. Былтыр 5-февралдан тартып чет элдик жарандар үчүн “көзөмөлгө алынгандардын” реестри иштей баштаган. Тизмеге илинип калгандардын укуктары кескин чектелет.
ТИМ 2025-жылдын январына карата расмий маалымат боюнча 608 миңден ашуун кыргызстандык жаран чет өлкөлөрдө миграцияда жүрөрүн, анын ичинен 376 миңи Орусияда миграциялык каттоого алынганын маалымдаган. (ZKo)