ИИМ депутат Сулаймановдун мурдагы жубайымын деген Азаматованын окуясын териштирип баштады
Өзүн Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулаймановдун мурдагы жубайымын деген Асел Азаматова аттуу Threads социалдык тармагынын колдонуучусу депутат менен жашап жүргөн жылдары андан зордук-зомбулук көргөнүн жазып чыкты.
Ал Элдар Сулайманов менен 2016-жылы үйлөнүшкөнүн, башында майда-барат чыр-чатактар чыгып келсе эки жылдан кийин уруп-сабап баштаганын билдирген. 2022-жылы төрт айлык кош бойлуу кезинде катуу сабап, соттук-медициналык экспертиза “мээ чайкалган” деген тыянак чыгарып бергенин кошумчалады.
Бул билдирүү тууралуу комментарий алуу үчүн “Азаттык” Элдар Сулаймановго бир нече жолу телефон чалды. Бирок азырынча байланышууга мүмкүн боло элек. “Азаттык” ага да сөз берүүгө даяр.
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматынын жетекчиси Султан Макилов бул факты боюнча териштирүү иштери башталганын айтты.
“Мурдагы жубайы “түштөн кийин келем” деди. Келсе кайсыл жерде, эмне болгон тактайбыз. Буга чейин кимге, кандай арыз жазган баарын көтөрөбүз. Текшерүү жүрүп жатат”, - деди ал.
Элдар Сулайманов 40 жашта. Ал 2025-жылдын ноябрь айында өткөн Жогорку Кеңешке шайлоодо № 5 округдан шайланып келген.
Элдар Сулайманов мурдагы транспорт жана коммуникациялар министри Нурлан Сулаймановдун уулу. Эмгек жолун “Электр станциялар” ишканасынан баштап, кийин Финансы полициясында, Мамлекеттик каттоо кызматында, Жогорку Кеңештин аппаратында иштеген. 2021-жылы Ош шаардык кеңешине “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен катышып, депутат болгон. Ушул эле жылы парламенттик шайлоодо “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен келип Жогорку Кеңешке депутат болгон. (BTo)