Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Президент Жапаров "Кыргызстанда сөз эркиндиги, демократия бар" деп билдирди

Президент Садыр Жапаров 29-январда "Кабар" агенттигине кезектеги маегинде кызматка киришкендигинин беш жылдыгына байланыштуу "демократиядан артка кайттык дегендерге карата сиздин комментарий?" деген суроого жооп берди.

Ал Кыргызстанда сөз эркиндиги да, демократия да бар экенин, социалдык тармактар, жалпыга маалымдоо каражаттарында жарандар "каалаганын каалагандай эле айтып жатканы" демократиянын белгиси экенин кошумчалады.

"Социалдык маселеби, саясий маселе болобу, өкмөттүн деңгээлиндеги чечим же жеке өзүнүн проблемасы болобу жазып деле, видео тартып деле билдирип келишет. Аларды “кой-ай” деген эч ким жок. Тигил же бул маселеге карата өз ойлорун ээн-эркин эле билдирип жатышат. Аны баары эле көрүп, окуп, бөлүшүп, зарыл дегендер чагылдырып эле жатпайбы. Азыр муну окугандар “айрымдарды укук коргоо органдары кармап кетип жатпайбы, адам укуктары бузулуп жатпайбы” деши мүмкүн. Сөз эркиндиги жана демократия деген биринчи кезекте жоопкерчилик экенин эстен чыгарбасак. Укук коргоо органдары сүйлөп же сындап койгондорду кармап жаткан жери жок. Кармалгандар сөз эркиндигине жамынып алышып, өлкөдө башаламандык болуп кетсе деп тымызын иш алып баргандар. Же ачыктан-ачык эле конституциялык түзүлүштү бузууга чакырык жасагандар. Аларды башынан сылап отуруш керекпи? Адамды камап коюш оюнчук эмес. Органдар соттун санкциясы менен атайын иш-чараларды жүргүзөт. Аудио, видео далилдерди чогултушат", - деп айтты.

Президент кайсыл бир маселеге карата нааразылык акцияга чыгууну каалагандар Горький сейил багына чогулуп, ЖМКларды чакырып алып кайрыла берсе болорун белгилеп, учурда дүйнө жүзү боюнча мамлекеттин бүтүндүгү, анын коопсуздугу эң алдыңкы планга чыкканын айтты. Азыр Америка, Батыштагы миграциялык саясатка байланышкан окуяларды мисал келтирди.

"Ошондуктан, буга чейин айтканымдай сөз эркиндигине да, адам укуктарына да эч кандай чектөө жок. Бирин-экин сайттын “сөз эркиндиги же адам укугу жок же начарлап кетти” дегени суу кечпейт", - деди Жапаров.

Президенттин ант кармап, кызматка расмий киришкенине 28-январда туура беш жыл толгон. Бул жылда Кыргызстандагы саясий жараяндар кандай жүргөнү маалымат каражаттарында, коомчулукта талкууланган. Садыр Жапаровдун бийлигинин тушунда Кыргызстан толугу менен президенттик башкаруу формасына өттү. Өкмөттүн түзүмү өзгөрүп, парламенттин ролу, ыйгарым укуктары кескин кыскарды.

Жапаровдун өзү жана анын тарапташтары башкы жетишкендиктер катары Кумтөрдүн мамлекетке алынышын, чек аралардын чечилишин, уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөштү жана экономикалык өсүштү, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу өңдүү долбоорлордун илгерилешин атайт. Айрым байкоочулар сөз эркиндиги, адам укуктары кескин чектелип, бир катар талылуу маселелер калганын белгилеп келишет.

Жапаров талкуу жараткан маселелер тууралуу пикирин улуттук "Кабар" агенттигиндеги маеги аркылуу билдирип турат.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *