Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Жети-Өгүздө окуучуларды сабаган мугалим жоопко тартылды

Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районундагы мектептердин биринин дене тарбия мугалими класста балдарды сабаганы үчүн Бузуулар кодексинин 56-беренеси ("Уруп-сабоо") менен жоопко тартылды. Бул тууралуу 3-февралда облустук милиция маалымдады.

Маалыматка ылайык, 28-январь күнү райондун Чырак айылынын тургуну 8-класста окуган баласын башка классташтарына кошуп ошол күнү сабак учурунда дене тарбия мугалими сабаганын айтып, даттанган:

"Тергөөгө чейинки жүргүзүлгөн иштердин алкагында Чырак орто мектебинде дин таануу сабагы учурунда 30 жаштагы Ж.К. аттуу мугалим төрт баланы доскага чыгарып алып, тарбиялык максатта кол тийгизгени аныкталган. Денесине келтирилген жаракатты аныктоо үчүн төрт балага соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Бирок балдардын ата-энелери мугалимге доосу жоктугун айтып, экспертизага каршылыгын билдирген арыз жазып беришкен".

Кылмыш иши козголгон эмес. Бузуулар кодексинин 56-беренесине ылайык, кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралган квалификациялык белгилер камтылбаса, айыптуу адам 40 саатка коомдук иштерге тартылат же үчтөн жети суткага чейин камакка алынат.
Мектептеги класста 13-14 жаштагы өспүрүмдөрдү эркек мугалим сабап жатканы тартылган видео 2-февралда соцтармактарда тараган. Коомчулукта мугалим сынга кабылган.
Агартуу министрлиги бул окуя боюнча 3-февралда билдирүү таратып, дене тарбия мугалиминин окуучуларга кол көтөргөнү "балдарга жасалган зомбулук катары бааланганын, кесиптик этика одоно бузулганын" белгиледи.
Министрлик учурда жергиликтүү милиция менен чогуу окуянын бардык жагдайларын аныктоо боюнча иш-чаралар, териштирүү жүрүп жатканын кошумчалады.
Кыргызстанда буга чейин да мугалимдер окуучуларды сабаган окуялар катталган. Ошол эле учурда мугалимдерге да орой мамиле болгон учурлар жок эмес.
15-январда социалдык тармактарда борбор калаадагы №87 мектепте кыргыз тили сабагы учурунда мугалим окуучуну “сабакты билбейсиң” деген негизде жаакка чапкылап, уруп-согуп жатканы тартылган видео тараган. Мугалим 16-январда Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын №7 милициянын шаардык бөлүмүнө жеткирилип, териштирүү иштери жүргөн. Жыйынтыгында балага кол көтөргөн мугалим иштен алынган.(ZKo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *