Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

ЖКнын тармактык комитетинин көчмө жыйыны Илимдер академиясында өтөт

Жогорку Кеңештин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери комитетинин 9-февралдагы көчмө жыйыны Илимдер акамдемясында өтөт.

Парламенттен кабарлашкандай, анда академиянын президенти Канат Абдрахматов "илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, мамлекеттик тапшырык менен илимий жана илимий-техникалык программаларга жана долбоорлорго катышуу жана аткаруу тууралуу" маалымат берет.

Соңку кездери Илимдер академиясынын сунуштары эске алынбай, кайсы бир ири долбоорлорду ишке ашырууда илимпоз, окумуштуу адистерден кеп-кеңеш албай жатканы тууралуу дооматтар айтылып келген.

Өткөн айда Канат Абдрахматов Бишкекте курулушу башталган “Алтай” турак жай шаарчасынын долбоору академиянын Сейсмология институту менен макулдашылбаганын айтып чыккан.

Ал кабат үйлөрдүн пайдубалы үчүн казылган жерлерге суу толуп калганы тууралуу Фейсбуктагы баракчасына пост жазып, турак жай комплекси түшө турган жер сейсмикалык жактан кооптуу экенин билдирген.

Сейсмология институтун да башкарган Канат Абдрахматов бул аймакта суу жер кыртышына аябай эле жакын экени буга чейин эле белгилүү болгонун, ар кандай тобокелдиктерди алдын алуу үчүн атайын инженердик чечимдер керек экенин кошумчалаган.

“Алтайды” куруп жаткан “Кут” курулуш ишканасы Инстаграмдагы баракчасында бул тууралуу түшүндүрмө берип, шаарчанын курулушун баштоодон мурун компаниянын инженерлери геологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүп, жер астындагы суунун деңгээли, топурактын курамы изилденгенин билдирген.

Былтыр сентябрда Абдрахматов Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясы (ГЭС) курула турган аймакта сейсмикалык комплекстүү изилдөөлөр жүрбөгөнүн айтып чыккан. Ал катуу жер титирөө болсо курулма урап, башка станцияларга да коркунуч жаратышы мүмкүн экенин эскерткен.

Энергетика министрлиги Улуттук илимдер академиясынын президентинин сөзүн төгүндөп, сейсмикалык изилдөөлөрдү эл аралык компаниялар жүргүзгөнүн маалымдаган.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *