Кыргызстанда 70тен ашуун мурдагы жогорку жетекчилер, коомдук ишмерлер өлкө бийлигине кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырды. Алар мындай кайрылууну өлкөдө коомдук-саясий туруктуулукту сактоо зарылчылыгы менен негиздешкен. Азырынча президент Садыр Жапаров баштаган өлкө бийлиги кайрылууга жооп бере элек. Бирок соңку жагдай өлкөдө президенттик шайлоонун мөөнөтүнө байланыштуу талкууну күчөттү.