Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Орусия Telegram мессенжеринин иши мындан ары чектелерин эскертти

Роскомнадзор Telegram мессенжеринин иши мындан ары чектелерин эскертти. Маалыматка караганда, ал платформа орус мыйзамдарын аткарбай жатат.

«Колдонуучулардын жеке маалыматтары корголбой, көз боемочулукка жана мессенжердин террордук максаттарда пайдаланылышына каршы чаралар көрүлбөй жатат», - деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.

Буга чейин Downdetector жана "Сбой.рф" сервистерине шилтеме менен 8-февралдан бери Telegram жакшы ачылбай жатканы тууралуу даттануулар түшүп жатканы кабарланган.

Кээ бир кардарлар тиркемени ача албай жатканын, башкалары медиафайлдарды жүктөө жана кат алышуу кыйындаганын айтышкан.

РБКнын булактары Роскомнадзор 10-февралдан тарта Telegram'ды чектөө планына киришерин кабарлаган.

Былтыр августта Орусияда Telegram жана WhatsApp мессенжерлеринин иши бир нече күнгө үзгүлтүккө учураган.

Роскомнадзор сөз болуп жаткан мессенжерлер аркылуу “чалуулардын жарым-жартылай бөгөттөлүшүн” кылмыштуулукка каршы чара катары түшүндүргөн.

Былтыр декабрда Meta корпорациясына таандык WhatsApp мессенжеринин өкүлү сервистин Орусиядагы ишин чектеген чараларды сындаган жана алар мыйзамдарга баш ийгенин айткан.

Ал мындай кадамдардын кесепети орусиялык жарандарга тийип жатканын айтып, аларды мамлекеттик Max мессенжерин сүрөөнгө алуу аракети менен байланыштырган.

Маалыматка ылайык, WhatsApp'тын Орусиядагы бир айлык аудиториясы 97,5 миллион адамга, ал эми Telegram'дыкы болсо 90 миллиондон ашык. Бул Орусиянын калкынын көпчүлүк бөлүгүн түзөт.

Декабрдын башында орус өкмөтү FaceTime тиркемесин жана SnapChat мессенжерин бөгөттөгөн. Ал жолу да мындай чектөө террорчулук, көз боемочулук жана башка кибер кылмыштар менен күрөшүү чарасы катары түшүндүрүлгөн.

Кыргызстандык айрым мигранттар жакындары менен кат алышуу же сүйлөшүү кыйын болуп калганын, ал эми ишкерлер соода-сатык жүргүзгөн Орусиядагы кардарлары менен байланыша албаганын айтышкан.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *