Мамлекеттик күзөт кызматы Камчыбек Ташиевди кайтарууну улантат
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевди Мамлекеттик күзөт кызматы кайтарууну улантат. Бул тууралуу Мамлекеттик күзөт кызматынын төрагасы Сыргак Бердикожоев 11-февралда айтканын УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
“Социалдык тармактарда Камчыбек Ташиевдин коопсуздугу боюнча жарандар билдирип жаткан тынчсыздануулар тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан эске алынууда. Президент Садыр Жапаров тиешелүү тапшырмаларды берди”, - деп билдирген Бердикожоев.
Мунун алдында социалдык тармактарда Камчыбек Ташиев атайын кызматты башкарып турганда коррупцияга жана уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш жүргүзгөнүн белгилеп, кызматтан кеткенден кийин анын коопсуздугуна камтамачылык билдиргендер болгон.
10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотту. Андан тышкары орун басарлары да жумуштан алынды.
Германияда дарыланып жаткан Камчыбек Ташиев 11-февралда аны кызматтан алуу боюнча Садыр Жапаровдун чечими күтүүсүз болгонун билдирди.
Камчыбек Ташиев 2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин ошол эле жылдын 16-октябрында УКМКнын төрагасы болуп дайындалган.