Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Казак прокуратурасы Сабуровду жалданмачылык беренеси менен текшерет

Казакстандын Башкы прокуратурасы куудул Нурлан Сабуровду жалданмачылык беренеси менен текшергени жатат. Бул тууралуу башкы прокурордун орун басары Галымжан Койгелдиев билдирди.

Куудул орус аскерлерине акча жөнөткөн болушу мүмкүн деген жүйө менен текшерилмекчи.

Казак мыйзамдарында чет жактардагы куралдуу жаңжалдарды каржылоо кылмыш болуп саналары айтылат. Тиешелүү беренеге ылайык айыптуу деп табылган адам 7-12 жылга кесилиши ыктымал.

Медианын жазганына караганда, текшерүүгө Истра шаарынын башчысы былтыр жайында жарыялаган Телеграм-каналындагы пост жем таштаган. Татьяна Викушева Истра районунда жашаган Сабуров согуш болуп жаткан зонага 10 мотоцикл жөнөткөнүн айткан.

“Вагнер Истра Легионунун” согушчандарына 10 кубаттуу питбайк бет алды...Командир, техниканы кабыл ал!” - деп жазган мэр.

Бул пост алынып салганы менен бир катар пабликтер анын көчүрөмсүн сактап койгон.

6-февралда Сабуров Внуково аэропортунда кармалып, ага Орусияга 50 жылга кирүүгө тыюу салынган.

РИА Новости агенттиги өз булагына таянып жазгандай, чечим "улуттук коопсуздуктун кызыкчылыгында, мыйзамдарды сактоо жана салттуу руханий адеп-ахлактык баалуулуктарды коргоо максатында" кабыл алынган.

Ошондон кийин артист Казакстанга кайтып барып, социалдык тармактардагы баракчаларын тазалаган жана ал окуяга байланыштуу комментарий берүүдөн баш тарткан.

"Важные истории" Сабуровдун жакын адамына шилтеме менен тыюу салуу демилгесин Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) терроризм менен күрөшүү бөлүмү көтөргөнүн жазган. Маалымат боюнча, ага куудулдун атайын кызматы менен кызматташуудан баш тартканы себеп болгон.

Мындан улам ага Орусияда убактылуу жашоо уруксаты берилген эмес, - деген булак Сабуров “орусиячыл” позициясын далилдөө максатында согушту колдогон фондго 2 миллион рубль которгонун жана “атайын аскердик операциянын” муктаждыктарына 10 мотоцикл сатып бергенин, бирок ФСБнин чечимине бул таасир этпегенин билдирди.

Нурлан Сабуров Казакстандын жараны. 2025-жылдын май айында ал Шереметьево аэропортунда кармалып, миграциялык мыйзамдарды бузганы үчүн айыпка жыгылган. Андан кийин ал Орусиядан чыгып кеткен.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *