Эркебаев президенттик шайлоонун мөөнөтү боюнча Конституциялык соттун чечимин күтүүгө чакырды
Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Абдыганы Эркебаев соңку күндөрдөгү саясий окуялар боюнча билдирүү таратып, өлкөдөгү кырдаалга тынчсызданып жатканын билдирди. Ал кырдаалды “туруктуулукту бузган окуялар” деп атады.
Эркебаев президенттик шайлоонун мөөнөтү боюнча Садыр Жапаровдун Конституциялык сотко кайрылуусу маанилүү экенин белгилеп, алдыдагы шайлоодо каалаган жарандарга катышууга мүмкүнчүлүк берүүгө чакырды.
“Сот бул маселе боюнча, өткөн жолку өлүм жазасы боюнча чечиминдей эле, юридикалык жактан дыкат такталган, принципиалдуу чечим кабыл алат деп ишенем. Мындан кийин бардык талаш-тартыштар ушуну менен токтоп, Конституциялык соттун чечими менен аныкталган президенттик шайлоого чейин өлкөдө тынч жана бейпил өнүгүү улана бериши керек. А шайлоо жарыяланганда ар бир жаранга өз укугуна, каалоосуна жараша катышууга толук мүмкүнчүлүк берилиши керек”-деп билдирди Эркебаев.
Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Конституцияны жана өлкө мыйзамдарын так сактоого, улуттук биримдикти камсыз кылууга чакырды.
10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотту. Германияда дарыланып жаткан учурда Камчыбек Ташиев аны кызматтан алуу боюнча Садыр Жапаровдун чечими өтө күтүүсүз болгонун билдирген. Ташиев 13-февралда Бишкекке кайтып келди.
9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган.
Бул кайрылууга байланыштуу Ички иштер министрлиги Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен коомдук ишмер Бекболот Талгарбековду, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмилбек Узакбаевди, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевди, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевди жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду кармап, алар эки айга камакка алынды.