Журналист Мамыркулова бир берене менен акталып, дагы бири боюнча күнөөлүү деп табылды
13-февралда Бишкек шаардык соту журналист Канышай Мамыркулованын адвокаттарынын апелляциялык арызы боюнча өкүм чыгарды.
Шаардык сот журналистти Кылмыш-жаза кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен актап, “Массалык башаламандыктар” беренеси боюнча күнөөлүү деп тапты. Сот муну менен аны алты жылга кесип, үч жылдык пробация жазасын чегерди.
Адвокат Нурбек Сыдыков журналист эки айып менен тең акталышы керектигин, чечимге макул эмес экенин айтты.
2025-жылы 3-июлда Бишкектин Октябрь райондук соту Канышай Мамыркулованы күнөөлүү деп таап, алты жылга кесип, төрт жылдык пробация жазасын берген. Үч жарым ай тергөө абагында отурган журналист сот залынан бошотулган. Анын адвокаттары райондук соттун өкүмүнө каршы шаардык сотко арыз берген.
Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар кыргыз бийлигине кайрылып, ага козголгон кылмыш ишин токтотууга чакырышкан.
51 жаштагы Канышай Мамыркулова Кыргызстанда эркин журналист жана жарандык активист катары белгилүү. Буга чейин “Алиби” гезитинде, “Сентябрь” телеканалында жана “Говори ТВ” басылмасында башкы редакторлук милдеттерди аркалаган. Акыркы жылдары Фейсбуктагы баракчасында бийликти сындаган билдирүүлөрдү жазып келген. (DSh/BTo)