Камчыбек Ташиевдин кызматтан алынганы алыскы жана жакынкы өлкөлөрдө да кеңири чагылдырылып, ар кандай өңүттө талданып жатат. Көпчүлүгү Ташиев кантсе да катардагы мамлекеттик кызматкер эмес, анын иштен алынышы Кыргызстанда соңку жылдары орногон "кош бийлик" аяктаганын көргөзөт деп жазышты.