Навальный эквадор бакасынын уусуна ууландырылганы аныкталды
Орус оппозиционери Алексей Навальный эки жыл мурун түрмөдө эпибатидин деген уулуу затка ууландырылып, каза болгон. Бул тууралуу Британия, Швеция, Франция, Германия жана Нидерланддардын Тышкы иштер министрликтери 14-январда тараткан билдирүүдө айтылат. Бул билдирүү жарыяланганга чейин Европадагы беш өлкөнүн адистери
Навальный уулануудан улам каза болгон деген жыйынтыкка келгени тууралуу The Insider басылмасы жазып чыккан.
Андагы маалыматка ылайык, Навальный көз жумган соң жакындары четке алып чыгып кетүүгө жетишкен биоматериалдарга жасалган анализ уулануунун белгилерин аныктаган.
Эпибатидин бул Түштүк Америкада жашаган баканын терисинен алынган уулуу зат.
Европанын беш өлкөсүндө жасалган анализ Навальныйдын уулануудан каза болгонун аныктаганын анын жесири Юлия Навальная да ырастады. Ал күйөөсүнүн өлүмүнө орус президенти Владимир Путинди айыптап “Жолдошумду ууландырышканына ал набыт болгон алгачкы күндөн тарта эле ишенгем, эми болсо бул далилденди. Путин Алексейди химиялык курал менен өлтүргөн”,- деп соцмедиадагы баракчасына жазды.
Алексей Навальный Ямало-Ненец автоном аймагында, Харптагы шарты катаал түрмөдө 2024-жылдын 16-февралында 47 жашында каза тапкан. Анын сөөгү Москвадагы Борисов көрүстөнүндө жерге берилген.
Орус бийлиги абакта Навальныйдын абалы начарлап каза болгонун билдирген.