Жапаров Ташиев менен жолукканын, ал кызматка барбай турганын айтты
Президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев менен 15-февралда жолукканын билдирди. Бул тууралуу ал 16-февралда “Кабар” улуттук маалымат агенттигине берген интервьюсунда айтты.
“Кечээ кечинде кабыл алдым. “Эс ал досум, ден соолугуңду кара, тынч жүр” дедим. Досумдун айтымы боюнча, “ак сакалдар” дейбизби, “көк сакалдар” дейбизби, бирөө менен дагы сүйлөшкөн эмесмин дейт. Ошондон улам мен жыйынтык чыгардым. Демек, тигилер досума билгизбей эле өздөрүнчө жашыруун план менен иш жүргүзүп жатышкан экен. Орустар айткандай, “медвежья услуга” көрсөтүштү”, - деди президент.
Садыр Жапаров Камчыбек Ташиев кандайдыр бир мамлекеттик кызматка барбай турганын жана экөө дос бойдон каларын кошумчалады.
“Мен табиятынан эле кандайдыр бир талаштуу маселелер жаралса, эч бир адам менен урушпай-талашпай эле сабырдуулук менен чечишип алганды жакшы көрөм. Дос бойдон кала беребиз. Бирок ал киши кандайдыр бир мамлекеттик кызматка келбейт. Дос эс алсын, ден соолугун карасын. Тегерегидеги “ак сакал, көк сакалдардан” арылсын, тазалансын. Тергөө кызматы баарын аныктап, тазалап берет. Албетте, азыр ырахмат айтпайт. Капа болот. Бирок жылдар өткөндөн кийин “Досум сен ошондо туура кылыпсың” деп ырахматын айтат", - деди Садыр Жапаров.
10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан тышкары орун басарларын да жумуштан алып, ордуна жаңыларын дайындады.
Германияда дарыланып жаткан учурда Камчыбек Ташиев аны кызматтан алуу боюнча Садыр Жапаровдун чечими өтө күтүүсүз болгонун билдирген. Ал 13-февралда Бишкекке кайтып келген. Анын тарапташтары акыркы окуялар боюнча басма сөз жыйынын өткөрөрүн айтышкан. Бирок качан болору азырынча белгисиз.
Садыр Жапаров “Кабарга” буга чейин берген интервьюсунда кызматтан алардын алдында Камчыбек Ташиевге телефон чалып, айтканын билдирген.
Камчыбек Ташиев 2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин ошол эле жылдын 16-октябрында УКМКнын төрагасы болуп дайындалган. (BTo)