Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Өкмөт тигүү тармагындагы көйгөйлүү багыттар боюнча чечимдерди иштеп чыкты

Кыргызстандын тигүү тармагындагы негизги көйгөйлүү багыттар боюнча чечимдер иштелип чыкканын Экономика жана коммерция министрлиги маалымдады.
Ага ылайык, тармакты өнүктүрүү үчүн логистикалык коридорлорду каржылоо, экспорт шарттарын жакшыртуу, тармакка чет өлкөлүк адистерди тартуу маселелерин тескөө жана заманбап тармактык лабораторияларды куруу тармактын туруктуу өсүшүн камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берет.

Бул чечимдер Экономика жана коммерция министрлиги тигүү тармагынын өкүлдөрү, башка мамлекеттик органдар менен чогуу тармакты өнүктүрүү үчүн президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде жүргүзүп жаткан иш-чаралардын жыйынтыгында иштелип чыкканын министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, бул багыттагы иштер мамлекет башчы Садыр Жапаровдун көзөмөлүндө.

21-январда президент Садыр Жапаров өлкөнүн жеңил өнөр жай тармагынын өкүлдөрү менен жолугушкан. Анда мамлекет башчы экономикага салымы чоң, элди иш менен камсыздап турган бул тармактын социалдык маанисин баса белгилеген.

Жолугушууда тигүү тармагындагы көйгөйлөр жана аларды чечүү боюнча да сунуштар айтылган. Президент Садыр Жапаров тигүү тармагындагы көйгөйлөрдү ыкчам чечүүнү тиешелүү министрликтерге, каржылык уюмдарга тапшырган.

Былтыр сентябрь айынан баштап кыргызстандык ишкерлердин Орусияга түз товар жеткирүү, Wildberries, Ozon сыяктуу маркетплейстер аркылуу кийим-кечек жөнөтүүсү солгундаган. Көпчүлүгү кардарларын жоготуп, иштерин убактылуу токтотууга аргасыз болду.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстандын текстиль жана тигүү тармагында 200гө жакын ишкана жана дээрлик 3 миң жеке ишкер бар. Аларда 128 миңден ашык адам эмгектенет. Бейрасмий эсептерде бул тармактагы жеке ишкерлердин саны 10 миңден ашары, ал эми тигүү сферасында түз жана кыйыр иштегендердин саны 250 миңдей экени маалымдалат. (ZKo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *