АКШдагы жарандык укуктар кыймылынын лидерлеринин бири Жесси Жексон көз жумду
АКШдагы жарандык укуктар кыймылынын лидерлеринин бири, Мартин Лютер Кингдин санаалашы Жесси Жексон 84 жашында көз жумду.
Маркум 1941-жылы Түштүк Каролина штатында туулган. Студент кезинде эле расалык сегрегацияга каршы чыгып, теңдик идеяларын жактап келген.
1971-жылы бизнес ээлерине кара терилүүлөрдү жумушка алууга шарт түзгөн программалар үчүн күрөшкөн укук коргоо уюмун түзгөн.
1984- 1988-жылдары президенттикке ат салышып, бир нече жерде демократтардын ички партиялык шайлоосунда жеңген. Өз программасында Жексон расалык азчылыктар, жумушчу класс жана аялдардын тең укуктарына көп көңүл бурган.
1990-жылдары АКШнын Африкадагы атайын өкүлү болгон.
Андан тышкары шайлоочулардын жана ЛГБТ жамаатынын укуктарын активдүү коргогон. Анын жардамы менен чет жактарда барымтага алынган же камалган бир топ америкалык бошотулган. Мисалы, 1984-жылы Кубада камалган АКШнын 16 жараны кайтарылган. 1999-жылы анын Югославиянын президенти менен жолугушууунан кийин серб аскерлери колго түшүргөн америкалык үч жоокер азат кылынган.
Акыркы жылдары Жексон саясий сахнадан оолак болуп келди.